Аялдар турмушка чыкса, сүйүктүүмө жеттим, бүттү деп сезишсе керек. Үй-бүлө кургандан кийин аялдар көпчүлүгү толо башташат. Бул кубулуштун да белгилүү себептери бар. 1. Күйөөңүз менен бирге тамактансаңыз
Күйөөгө чыга элек учурда кечки ашка сабиз менен алмадан жасалган салат гана жечүсүз. Ал эми эркек киши мындай тамакка тойбой калуусу анык. Күн сайын эт салып түрлүү тамактарды жасап жолдошуңуздун курсагын тойгузам деп өзүңүздүн фигураңызды карап жүрүү кыйын. Анын үстүнө психолог адистердин айтуулары боюнча, аялдар жубайларынын тамак ичүү салтын өздөрүнүкү кылып алышат экен. Көп тамак жегенди адат кылат. Бул жагдайды кантип өзгөртүү керек? Картошка, паста, күрүч азыктарынын өлчөмүн азайтыңыз. Кечки ашка чийки же болбосо бууга бышырылган жашылча-жемиш көп колдонуңуз. Ашыкча салмактан арылуу үчүн төмөнкү эрежени эстен чыгарбаңыз: эртең мененки тамакка – 300 ккал, түшкү ашка– 400 ккал, түштөн кийинки чайга– 150 ккал, кечки ашка – 500 ккал, кечки жүрөк жалгап алууга– 150 ккал.