Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. – Сырттан карагандарга мен бакыттын ханышасы туюлам. Жашым кырктын кырына келип калса да али көөнөрбөгөн, мезгил өзгөртө албаган жаштыгыма, сыны бузулбай солкулдаган бой-келбетиме, бырышы жок сүт тепкендей апакай ажарлуу жүзүмө, ал турсун, айрымдары менин күйөөдөн бак айтпаган жалгыздыгыма суктанышат… Ата-энемдин караңгы көз карашынын кесепети беле же тагдырым ушундайбы, 17 жашымда турмушка чыгып, 18 жашымда эне болдум. Каалоом жок барган менен жолдошум жакшы чыгып, көңүлүмдү табууга кылган астейдил аракети жүрөгүмө жол таптыбы же кыздуу болуубуз себеп болдубу, айтор, убакыт өткөн сайын ынак боло баштадык. Сүйүктүү жар, эне, деги эле аял болуу деген зор бакыттын даамын жаңы гана туюп, аңдап баштаганда жолдошум жол кырсыгына кабылып ымыркай кызым жетим,