Найти в Дзене
aiymdar.kg

СҮЙҮҮ МЕНИ ТАЛКАЛАДЫ. ЖҮРӨГҮМДӨН КАН АКТЫ

Башымдан өткөн окуяны, өз жашоомду сиздерге айтып, бир аз да болсо жеңилдегим келет. Балким мага жакшы кеңеш айтасыздар. Таякелеримдин үйүндө жашап, алдыга койгон максатым – бир гана окуу жайды жакшы бүтүү болду. Андыктан, башымды сабактан көтөрбөй, “үй күчүк” болуп, үйдөн эки жакка чыкпай, татынакай тартибим менен таякелеримдин баарына жактым. Ал эми окуу жайда бирге окуган дос кыздар жана балдар мени көп жактыра беришчү эмес. Себеби, мен алардын барган жактарына, ар кандай көңүл ачуу же башка иш-чараларына такыр катышчу эмесмин. Окуу бүтөөрү менен эч нерсени карабай үйгө кетип калчумун. Үйгө келип үйдүн ичин мизилдете жыйнап, анан сабак окуу, ар кандай китептерди окуу менин өнөкөткө айланган адатым эле. Ушундай күндөр менен арадан тез эле 3 жыл өттү. 3-курсту бүтүп жатканда гурппалаштарым тоого барып эс алып келебиз деп калышты. Менин адаттагыдай көңүлүм келген жок. Бирок баары тең мени жаалап, жок дегенде бизге бир жолу кошулуп, эс алып кел дешти. Менин такыр айлам кетт

Башымдан өткөн окуяны, өз жашоомду сиздерге айтып, бир аз да болсо жеңилдегим келет. Балким мага жакшы кеңеш айтасыздар.

Таякелеримдин үйүндө жашап, алдыга койгон максатым – бир гана окуу жайды жакшы бүтүү болду. Андыктан, башымды сабактан көтөрбөй, “үй күчүк” болуп, үйдөн эки жакка чыкпай, татынакай тартибим менен таякелеримдин баарына жактым. Ал эми окуу жайда бирге окуган дос кыздар жана балдар мени көп жактыра беришчү эмес. Себеби, мен алардын барган жактарына, ар кандай көңүл ачуу же башка иш-чараларына такыр катышчу эмесмин. Окуу бүтөөрү менен эч нерсени карабай үйгө кетип калчумун. Үйгө келип үйдүн ичин мизилдете жыйнап, анан сабак окуу, ар кандай китептерди окуу менин өнөкөткө айланган адатым эле. Ушундай күндөр менен арадан тез эле 3 жыл өттү. 3-курсту бүтүп жатканда гурппалаштарым тоого барып эс алып келебиз деп калышты. Менин адаттагыдай көңүлүм келген жок. Бирок баары тең мени жаалап, жок дегенде бизге бир жолу кошулуп, эс алып кел дешти. Менин такыр айлам кетти. Ошондо Максат деген мага жакшы мамиле кылып жүргөн жигит мени узата басып: Уландысы ...