Найти в Дзене
Кыргызстандын акыркы жанылыктары.

Кыргызстандын акыркы жанылыктары.

Кыргыз Республикасынын акыркы жанылыктары.
подборка · 4 материала
KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.MediaTurmush — Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаада бара жаткан адамга ок аткан шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка караганда, 2023-жылдын 30-августуна караган түнү саат 00:30 чамасында «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы Н.С. аттуу жаранга «Хендай Гетс» үлгүсүндөгү унаа менен келген белгисиз адамдар бир нече жолу ок аткан. Анын кесепетинен Н.С. денесинен оор жараат алып, Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган.Аталган факты 30-август күнү Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБдин, Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлдөрү жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан шектүү катары Сузак районунун тургуну — 1995-жылы туулган Б.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.Учурда опузалап талап кылуу беренеси боюнча дагы тергөө амалдары жүрүп жатат.Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.The post Сузакта унаада бара жаткан жигитти атып кетишкен appeared first on KYRGYZCHA SITE. http://kyrgyzcha.site/
KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.MediaTurmush — Бүгүн, 4-сентябрь күнү Каракол шаардык кеңешинин 30-сессиясы өттүдө, деп билдирет аймактык кабарчы.Анда күн тартибинде 16 негизги маселе жана кошумча маселелер каралууда. Сессияда сууну пайдалануу жана саркынды сууларды кабыл алуу үчүн тарифтерди көтөрүү маселеси каралды.Анда маалым болгондой, таза сууну пайдалануу акысы:Калк үчүн 1 куб суу мурда 5 сом 86 тыйын болсо, жаңы тариф менен 8 сом 79 тыйын болот. Ал эми коммерциялык жана мекеме-ишканалар мурда 1 куб сууга 19 сом 46 тыйын төлөп келсе, жаңы тариф менен 29 сом 19 тыйын болот.Саркынды сууларды кабыл алуу боюнча, мурда 2 сом 94 тыйын болсо, 4 сом 41 тыйын болот. Коммерциялык объектилер жана мекеме-ишканалар 15 сом 86 тыйын төлөсө, эми 23 сом 79 тыйын төлөйт.Каракол шаардык «Суу түтүк» ишканасынын жетекчиси Жеңиш Өмүргалиев эл өкүлдөрүнө сууну көтөрүү аргасыз кадам болуп жатканын, суу баасы өз наркын актабай жатканын айтып, калаадагы АБР жана ЕБР долбоорлору боюнча жасалып жаткан иштерди айтып берди.Каракол шаарынын вице-мэри Нуржигит Турсунбеков сууну баасы көтөрүлбөсө, ишканада болуп жаткан кыйынчылыктар, айлык маяналардын аздыгы боюнча токтолду. Ошондой эле буга чейин бааларды жогорулатуу боюнча коомдук угуулар болгонун айтып өттү.Жыйынтыгында суунун наркы 10-сентябрдан тарта 50 пайызга жогорулады.Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.The post Каракол шаарында таза суу наркы 50 пайызга жогорулады appeared first on KYRGYZCHA SITE. http://kyrgyzcha.site/
KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.Turmush — Ноокат районунун Токтомат Зулпуев айыл аймагындагы Кашкалдак айылында жаңы мамлекеттик бала бакча ачылды.Тургундардын айтымында, бала бакчага Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) атасы Азим Нарматовдун ысымы берилди. Бул бала бакчанын курулушу 8 жылда аяктады.Аталган айыл өкмөттүн башчысы Данияр Тажибавдин маалыматы боюнча, бала бакчанын курулушу республикалык бюджеттен каржыланды. Курулуш иштерине 43 млн сом жумшалды.«Кашкалдак айылында кечээ, 3-сентябрда бала бакча ачылды. 2014-жылы долбоору даярдалып, республикалык бюджеттен каржыланган. 2015-жылы курулуш иштери башталып, биринчи кабаты бүтүп, ошол боюнча 5 жыл курулушу токтоп калган. 2022-жылы курулуш иштери кайра жанданып, каражат бөлүнгөн. Быйыл толук бүтүп, пайдаланууга берилди. Бала бакча 120 орунга ылайыкталган. Жалпы сметалык баасы 47 млн сомду түзөт. Жергиликтүү бюджеттен 1 млн 500 миң сом бөлүндү», – деди Тажибав.Жаңы бала бакчада жакын жайгашкан Кашкалдак жана Чүчүк айылдарындагы балдар да тарбияланат. Кашкалдак айылында 590, Чүчүк айылында 432 кожолук бар.Айыл өкмөт башчы бала бакчага депутат Надира Нарматованын атасынын аты берилгени тастыктап, бул маселе буга чейин жергиликтүү кеңеште талкууга коюлуп, колдоо тапканын айтты. Жергиликтүү кеңешке айыл тургундарынан сунуш түшкөн, көпчүлүк депутаттар макул болгон.Бала бакча Азим Нарматов Кашкалдак мектепке чейинки билим берүү мекемеси болуп аталды.Азим Нарматов өмүрүнүн акырына чейин мугалим болуп иштеп, 48 жашында каза болгон.Буга чейин аталган айылда 80 бала тарбияланган бала бакча болгон.Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.The post Ноокатта курулушу 8 жылга созулган бала бакча пайдаланууга берилди appeared first on KYRGYZCHA SITE. http://kyrgyzcha.site/
KYRGYZCHA SITE KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.MediaTurmush — Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 15 жаштагы мектеп окуучусу ок тийип каза болду.Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, окуя 26-августта райондун Шайдан айыл аймагынын Шайдан айылында болгон.Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, октон көз жумган окуучу аталган айылдагы Сатаров меетебинде окуп жаткан. Быйыл 10-класска бармак.«Маркум Эркин (аты өзгөртүлдү) үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси болчу. Ал 26-августка караган түнү айылдагы почтанын имаратында турганда ушул эле айылдын 1981-жылы туулган тургуну топтошуп турган балдар тарапка өзүнүн мергенчилик куралы менен ок чыгара баштаган. Ок Эркиндин башына тийип, ал окуя болгон жерде өзүнө келбей каза болуп калды. 27-август күнү маркум жерге берилди», – деди айыл тургуну.Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул окуя Ноокен РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголду.«2023-жылдын 26-августуна караган түнү саат 00:30 чамаларында Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну — 1981-жылы тулуган С.Б. Шайдан айыл аймагындагы почтанын жанында топтолуп отурган балдар тарапка өзүнүн мергенчилик ок атуучу куралы менен бир ирет ок чыгарган. Анын аткан огу Шайдан айыл аймагынын тургуну — 15 жаштагы баланын баш тарабына тийип, ал алган жараатынан улам ооруканада өзүнө келбей каза болгон», – деп айтылат маалыматта.Шектүү катары 1981-жылы туулган С.Б. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.The post Ноокендеги тургун топтошуп турган балдарга ок чыгарган. 15 жаштагы окуучу жан берди KYRGYZCHA SITE. http://kyrgyzcha.site/