Жапонияда кыздар жарнама текстин колтугуна жазып жүрө баштады
Жапонияда The Wakino жарнама агенттигинин кызматкерлери жарнаманы адамдын колтугуна жазып коюуну сунуштады. Компаниянын расмий сайтында колтугуна жарнама баннери жармаштырылган кыздардын сүрөттөрүн жарыяланды. Фотомоделдердин денесинен көркөм өнөр мектеби, детективдик агенттик жана жумуш издөөгө арналган сайттын жарнамаларын көрүүгө болот. Басылманын маалыматында, жарнамалык агенттиктин мындай кызматын сулуулук салондору да колдонуп жетишкен...