1 год назад
Кыргыз тили – улуттун
23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү. Бул күн кыргыз элинин руханий байлыгы, тарыхы жана маданияты менен тыгыз байланышкан. Тил – улуттун жүзү, аны сактоо ар бир жарандын милдети. Кыргыз тили – элибиздин тарыхын, дастандарын, санжыраларын жана элдик нарк-насилдерин муундан муунга жеткирген курал. Тил болбосо, улуттун тамыры үзүлөт. Ошондуктан кыргыз тилин колдоо жана өнүктүрүү мамлекет үчүн гана эмес, ар бир жаран үчүн чоң жоопкерчилик. Бүгүн кыргыз тилинде чыгармаларды жаратып жаткан акын-жазуучулар, жаш калемгерлер арбын...
1 год назад
Кыргызстанда бардык окуучулар үчүн кыргыз тили боюнча экзамендер милдеттүү болот – адис.
Кыргызстанда 5-6-класстын окуучулары үчүн кыргыз тили боюнча котормо экзамендери биринчи жолу өткөрүлөт. Экзамендер жазуу жана оозеки формада жүргүзүлөт. 📚 Кыргызстанда быйыл бардык мектептерде 5-6-класстын окуучулары үчүн кыргыз тилинен котормо экзамендери өтөт. 📝 Экзамендер жазуу жана оозеки түрдө өткөрүлмөкчү. Бул экзамендерге кыргыз жана орус тилдүү окуучулар катышат, анткени кыргыз тили бардык мектептерде милдеттүү сабак катары окутулат. 📖 Экзамендер мектеп программасындагы материалдардын негизинде өткөрүлөт...