KYRGYZCHA SITE KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.MediaTurmush — Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 15 жаштагы мектеп окуучусу ок тийип каза болду.Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, окуя 26-августта райондун Шайдан айыл аймагынын Шайдан айылында болгон.Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, октон көз жумган окуучу аталган айылдагы Сатаров меетебинде окуп жаткан. Быйыл 10-класска бармак.«Маркум Эркин (аты өзгөртүлдү) үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси болчу. Ал 26-августка караган түнү айылдагы почтанын имаратында турганда ушул эле айылдын 1981-жылы туулган тургуну топтошуп турган балдар тарапка өзүнүн мергенчилик куралы менен ок чыгара баштаган. Ок Эркиндин башына тийип, ал окуя болгон жерде өзүнө келбей каза болуп калды. 27-август күнү маркум жерге берилди», – деди айыл тургуну.Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул окуя Ноокен РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголду.«2023-жылдын 26-августуна караган түнү саат 00:30 чамаларында Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну — 1981-жылы тулуган С.Б. Шайдан айыл аймагындагы почтанын жанында топтолуп отурган балдар тарапка өзүнүн мергенчилик ок атуучу куралы менен бир ирет ок чыгарган. Анын аткан огу Шайдан айыл аймагынын тургуну — 15 жаштагы баланын баш тарабына тийип, ал алган жараатынан улам ооруканада өзүнө келбей каза болгон», – деп айтылат маалыматта.Шектүү катары 1981-жылы туулган С.Б. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.The post Ноокендеги тургун топтошуп турган балдарга ок чыгарган. 15 жаштагы окуучу жан берди KYRGYZCHA SITE. http://kyrgyzcha.site/
Ошто намаз окуу үчүн даарат алууга чыккан ата өз баласынын колунан каза тапты.
Ош облустук соту Ноокат районундагы айылдардын биринде өзүнүн атасын өлтүргөн адамга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу облустук соттон кабарлашты. Маалыматка караганда, айыпталуучу Жаныбек (аты өзгөртүлдү Ж.У.) 1989-жылы туулган. Бойдок, мурда соттолгон эмес. Ал райондук соттун 2021-жылдын 15-февралындагы чечими менен Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен айыптуу деп табылып, 11 жылга эркинен ажыратылган. Кылмыштын чоо-жайы: Жаныбек өз атасын өлтүрүүнү көздөп, 2020-жылдын 30-ноябрында...