<a href="https://kyrgyzcha.site">KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.</a><a href="https://kyrgyzcha.site/?p=49369&preview=true">Жумуштан чарчап келсем карындашым</a> эшикте жаш балдар ойнотуп ,озу да кошулуп ойноп журуптур.-э Мээрим! Бас бери!Ал баягыдай эле мени коргондо журогу тушуп келе калды. Тогузунчу классты аяктап каникулдап журот.-келдинизи байке.-келгенимди корбой турасынбы? Кир уйго.-азыр кирем артыныздан.-эмне ? бас туш алдыма,чоноюп калсанда ойной бересинби? Апама жардамдашсан боло андан коро.Ал ун катпай алдыма тушту. Уйубуздун алдында кичинекей бак бар эле,бакта баратып суроо узаттым:-тамак жасадынбы?-ооба…-апам некылтат?-уктап калды.-бутун укалап бердинби?-ооба укалап берсем уктап калды.-атам кайда?-Жаныбек байкелердикине жаназага кетти.-мм…Ал уйго кирип мен тамеки чеккени уйдун артына отуп кеттим. Чегип турсам карындашым шашылыш келе койду. Атам же апам окшойт деп беките ком деп алаканымды куйгузуп алдымда жинденип:-энендурайын шайтан,жотолуп келсен болбойбу? Негедир анын коздору жалындап турду.Айт неге келдин?Бото коз коздорунон мелт этип жашы сызып кетти. Дароо уйго карай чуркадым. Апамдын талмасы кармап уктап жаткан жеринен кусуп титирей баштаптыр. Мындайда мен же атам гана аны айыктыра алабыз. Карындашым коркот,бир бурчка отуруп ыйлай баштады. Апам байкуш Мээрим кичинекейинде шатыга чыгып кеткенде алып тушуп келатып ,шатыдан буту тайып кулап тушкон. Мээримге эчнерсе болгон эмес. Апамдын башы бешилике аз-мынча сайыла кетип ошондон бери талмасы кармаачуу болуп калган. Жайы-кышы дебей калын жолук салынып журот.Ошон учунда Мээримди коп урушуп ,коп жек кором. Апамдын дабышынан иним ойгонуп чыга келди. Ал жетинчи класска кочту.Апасынын колун кармап мундуу карап турат. Коп отпой апам озуно келип жакшы болуп калды.Атамдак келди… Чогуу тамака отурдук.Атам:-Эламан , Мээримди медересеге берейин деп жатабыз.-эмне? медресеге ? э андан коро бир жыл окуутуп куйоого берсенерчи.Апам:-койчу балам баягы адатынды баштадынбы?-анан эмне кылайын апа. Медереседе окуугандарды билип-коруп журобуз. Ал эле эмес хиджап жамынгандарды дагы. Эчким жок жерге отуп тамеки чегишип,кочодо оронуп,уйуно эки кадам калганда чечинишип. . .Атам столду такырата бир коюп ,ачуусу менен:-тарт тилинди! Ыйманы пас!Тишимди кычыратып атама кадала карадымда,пиаламды мыкчый турдум. Ушунчалык катуу караган экенмин сынып кетип колумдан кан агызды. Табылбай калган шылтоо менен дубалдарды кочуро эшикти жаап чыгып кеттим. Базарга барып балдарга жолугуп алар менен кошулуп база да уктап калдык.Тан атпай жук тушуруу иши башталды. Эки мин сомдой акча таап дос баламдын туулган куну экен эле тойгончо арак ичтик. Ал кунуда ошол жерде жатып калдым. Башым ооруп бир тыйыным калбай балдардан жолкирээге акча сурасам беришпейт такыр . Бербесенер койгула деп жоо жоноп кеттим. Кеч кирээрге жакын эле. Уйго кирсем атам чалгы менен чоп оруп журуптур. Жанынан отуп баратсам карабайт такыр.-ата мен келдим.-мм…-кечеги кылыгым учун кечирип коюнуз.-Эламан тушунуп турам сени,сен деле карындашынды ойлоп жатасын. Бирок …-ата ? эч кандай бирогу жок.Акыры азыркы кыздардын айрыкча оронгон кыздардын кандай экенин менден сураныз ,мен айтып берем.Атам мага бурулуп карап,калпагын кагып:-кийимдинда он-тетириси,тыйындын эки бете,адамдын жакшы –жаманы болот балам. Сен антип адамдардын баарын тегиз корбошун керек.-э билгенинерди кылгылачы.Колумду силкип коюп басып баратсам атам токтотуп:-акча берип турчу Эламан.-эмне кыласыз?-тиги Жаныбектин уйуно батага себет кылып барып коёлу дегенбиз. Биздин пенсияны да кармап …-ата, кечетен бери жумуш жок озум жоо келдим.-аа балам курсагын ачкандыр мен азыр сага чай коюп берейин.-сиз жон эле коюнуз Мээрим коюп берет.-Мээрим,инин жана апан болуп таенендер жака кетишкен кече куну. Бугун келип калышат.-эмнеге кетишти?-тиги Арзы молдонун уйуно балам.-ата качанга чейин анын уйуно барып озунорду окутуп журосунор? Бир пайда чыгып жатабы? акча бергенден башка эчнерсе озгоргон жокго.-койчу балам акыры озун билесинго апанды догдурлар….-ооба…
KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.Кайнене-келин баяны 9-БОЛУМ— Пенденин ар бир сөзү кудайдын кулагында деп апам айткан. Элдин көбү жалынып бата берип турса, демек мен сөзсүз бактылуу, телегейи тегиз адам болом деп турмуштун убактылуу сыноолоруна чыдап койсом баары ойдогудай болот,— деп, анча мынчага маани бербей баары мээсине сиңип калды.— Кээ бир сараңдар бар, эки ооз батасын кызганып жүгүнбөй эле кой дешет,— деп, аларга кайра нааразы болуп калат. Бир күнү Мая: — Кемел мен өлдүм! Палоом, капкатуу болуп калды. Эми аны кантип дасторконго коём,— деп көз жашын көлдөтүп, ашканадан келди. — Ии жинди, бүт ниетиңди тамакка коюп жасабайсыңбы. Билбесең апаман сурабайсыңбы? Мен сени баарын билет деп апама мактагам да,— деп Кемел күпүлдөп коюп эшикке чыгып кетти. Кемел Маяны өтө жакшы көрөт. Үй-бүлөсүнө жагынам деп бүт дитин коюп, тызылдап жүгүргөнүн карап боору ооруйт. Кээде тамактары даамдуу болбой калса ушинтип, уялганынан баладай ыйлайт. Бирок үйрөнсүн деп, анан калса аялымды башкарып турушум керек. Баланы жашынан, аялды башынан деп керсеңдеп коймою бар. Ошондо ичинен өзүнчө акырын алтыным, жаным деп аягында келесоом деген сөздү кошуп койчу. Алымкан апа да Мая ашканадан жүгүрүп чыкканда эле кемчилик кетиргенин дароо сезет. Акырын ашканага кирип, казанды ачып көрөт. Жакшы эле болсо, кайра барып ордуна олтуруп калат. Азыр келини бөлмөсүнөн чыкпай калды. Казанды ачып караса, палоого суусун аз куюп коюптур. Эне эшиктен кызыл, көк калемпирлерден жулуп келип, жууп, алардын ичине палоодон салып, керектүүсүн кошуп, казанга салып бышырып, башка тамак даярдап койду. Алты сотых жерден там салгандан кийин азыраак эле жер калса да, бир таман да бош жер жок. Чекесин гүлгө толтуруп, огородго тамак— ашка керектүүнүн баарын өстүрүп алышкан. Өзгөчө Кемел апасы экөө карайт. Таласта жашагандарында тамекиге иштеп көнүп калышкан. Келин ашканага келип, тамакты көрүп кайненесинин бетинен өөп, сүйүнүп жатты. Тамак аябай даамдуу болуп калды. Кемел апасынын жардам бергенин билип, апасына ыраазы болуп турду. Маянын көзү балбылдап, апасына улам нандан жылдырып коет. Эч нерсени түшүнбөгөн эле атасы жана эки бала. Тамактан кийин Кемел аялына: Мындай келесоодой кыялдарыңды коюп, үйрөн деп аялынын келесоо деген сөзүнө кандай реакция берээр экен деп күтүп турду. Мая байкуш чоң күнөөлүү кишидей, Кемелдин акырындап аны басмырлап баштаган сөздөрүнө этибар албай ыржалактап күлөт. Бирок өзүнчө калганда апасынын жоктугуна кейип ыйлап алат. Элдикиндей апам болсо ушунун баарын үйрөтмөк. Макмал менен Айсулуу кайынежелериме ушундай апасы барына суктанам. Мен келини эмес кызы болсом, дагы башка нерселерди үйрөтмөк деп ойлонот. Бирок Макмал, Айсулуулардын апасынын тарбия, насаат сөздөрүнөн тажап жатканын кайдан билсин. Колдо бар алтындын баркы жок да. Бир күнү Кемел: — Эй келесоо, бүгүн да тамагың каша го, өзүң же?— деп кабагын түйүп, катуу айтып чыгып кетти. Мая ошондо өзүнүн атынан атабай күйөөсү жаңы жаман ат коюп алганына ыза болду. Булар үйлөнгөнгө чейин деле аттарын аташчы эмес. Жаным, сүйгөнүм, алтыным, мамалагым деп бири-бирин эркелетишчү эмес беле. Эми эмне болду?.Кемел болсо аялын башкара алат экен деп үйдөгүлөр сүйүнүп калсын. Аялды башынан башкарыш керек, эркек болуп сес көргөзүп турайын деп ойлоп жүргөн. Өткөндө отурушта достору да: — Музоо кезиңде сүздүрүп алба. Уландысы бар…The post Кайнене-келин баяны 9-БОЛУМ appeared first on KYRGYZCHA SITE. http://kyrgyzcha.site/
<a href="https://kyrgyzcha.site">KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.</a><a href="https://kyrgyzcha.site/?p=55369&preview=true">Аңкир- мүңкүр менен кармашам деп</a>….Айылда бир киши каза болуп, төрт-беш жигит мүрзө казганы көрүстөнгө келишет. Казып бүтүп айыл четине келишет да аракка киришет. Улам-улам бирөөсү чуркап, аз болуп отуруп бир топ кызып калган соң, ар кимиси өз алдынча бакылдап, урунаарга тоо таппай, кыскасы ичкилик жаш жигиттерди» эрдикке» тартып туруп алат. Ошондо күрсүйгөн бирөөсү «эр болсоңор мелдешели, бүгүнкү казган көргө кимиңер кирип бир саат жата аласыңар?» деп калбайбы. Мындайды күтпөгөн беркилер эмне дээрин билбей туруп калышат. «Ии, эмне унчукпайсыңар ия, мөөрөйүңөрдү сайгыла, мына мен кирип жатып берем!» Бир экөө «койсоңчу» демиш этет. Күүлөнүп алган неме койебу, тура калып жөнөп берет. Ачык көргө кайра келишет. «Мен азыр кирип жатам, келчү аңкир-мүңкүрү менен бир кармашып көрөйүн. Силер таш менен корумдап койгула да алысыраак басып кеткиле. Бир саатта кайра келип тартып аласыңар мени».Айтат да кетменди алып көр ичине түшүп кетет. Достору оозун жаап нары басышат. Арадан он, он беш мүнөт өтпөй көрдөн чыңырган үн чыгат. «Аңкир-мүңкүрлөр менен кармашып атат окшойт» дешет беркилер. Дагы бир аз отуруп «кой мунун дайнын билеличи» дешип көргө келишет кайра.»Эй чыкпайсыңбы, утук сеники» дешет. Жооп жок. Экөө түшө калып караса тиги кыймылсыз сулк жатат. Бери тартышса эчак мүрт кеткен экен. Кетмендин сабы жанында жатат, темирин болсо кокосуна кийгизип кетиптир.Кебетеси адамга окшош, бирок жүнү сапсайган неме экен.Чоң атабыз Тагай мерген 70-жылдардын акырында, 85 жашында дүйнөдөн кайтты.Тагай атабыз Нарындын башы Жаңы-Жер-Улан деген адам барбаган калың карагай-чер токойлуу, коркунучтуу капчыгайга каттоочу экен…Мергенчилер ал токойдун чеке-белинен эле аюу, жолборс атып алып, тереңдеп киргенден жүрөксүшчү тура. Даап барышпаптыр. Бир жайда өзүнө ишенген жаш мерген Тагай ошол капчыгайды өрдөп ууга чыгат. Уунун кызыгынан кеч калып, түнөөгө аргасыз болот. Атын таң ашыра байлап коюп, отту чоң жагып, кайберен этинен шишкебек бышырып жеп отурса, бир маалда аты тыбырчылап, тайганы кыңшылап бут алдына сойлоп кирет. Жүрөгү бир жамандыкты сезген мерген мылтыгын октоп даярдап, туш-тушун аярлап караса эч нерсе көрүнбөйт, дабыш деле угулбайт. Анын үстүнө оттун жанында олтурган адамга караңгыда эч нерсе көрүнбөйт эмеспи. Ошентип отту алоолонто жагат да, эттен кесип жеп олтура берет. Көп өтпөй оттун жарыгында энтеңдеген киши сыяктуу сөлөкөт пайда болот да, ал дабыш билгизбей басып келип оттон алысыраак жерге адамча чөк түшүп отура калат. Үн-сөзү жок. Бир колу менен мурдун калкалап алган. Кебетеси адамга окшош, бирок жүнү сапсайган неме экен. Мерген же үн чыгарарын, же атып жиберерин билбей бир топко карап отурат. Акыры эмнеси болсо да Кудайдан көрдүм же өлдүм деп отто чала бышкан эттен бирчоң кесимди бычактын учуна сайып тигинин алдына ыргытат. Ал бир колу менен шып ала коюп оозуна салгандай болду. Дагы бир кесим ыргытты эле, аны да лып илди. Ошентип тиктешип отура беришти. Кимибиз биринчи кол салаар экенбиз деп эки көзү тигинин кыймылында. Ал да көзүн албайт. Таң сүрө ал акырын артка кетенчиктеп жыла баштады да, шып туруп чуркап кетти.»Таң атканын коркконумдан байкабапмын» — дейт мерген. Эртеси жарыкта бул желмогузбу, жин-шайтанбы деп тигинин түндө отурган жерин карасам, ыргыткан эки кесим эт жатат, жебептир. Атты отко коюп, уктап калып, кайра ууга чыктым. Мергенчиликтин кызуусу менен, күндүн батканын аңдабай калып, кечинде баягы үңкүргө келдим. Отунду тоодой үйүп, от жактым. Атты отко коюп, итти байлап, өзүм жатчу жерге чириген дүмүрдү киши сыяктуу узата жаткырып, тумагымды кийгизип, көрпөчөмдү үстүнө жаап койдум да, өзүм үстүңкү таштын жараңкасынан орун жасап, дөңгөчтү кароолго алып отурдум.Түн ортосунда атым кошкуруп, итим кыңшылай баштаганда даяр турдум. Оттун жарыгында баягы сөлөкөт аяр жылып келе жатат. Бир маалда катуу чыңырган бойдон келип дөңгөчтү басып жыгылды. Мылтыктын машасын кандай…