Аялдардын кайсы кылыгы үчүн эркектер төшөк кумарына тойбойт
Кээ бир аялдарга эркектердин дүңкүйүп турган булчуң эти, сүйлөө манерасы же дагы башка кыймылдары жагат эмеспи? Андай учурда аялзаты эмне сезерин ким билсин, бирок эркектер аялдын кээ бир кылыктарынан эле балкып эрип, учуп калат. Аялдардын кайсы кылыктары эркектерди дүүлүктүрүп жиберет? Муну аялдын өзү да байкабай калышы мүмкүн. Кийинкиде көңүл буруп же дал ушул учурларды кайталап көрсөңүз буга көзүңүз жетет. Ар бир эркектин эсинен тандырган бир кылык – аялдын кулак тушундагы чачын сөөмөйүнө түрмөктөп ороп олтуруп эркелөөсү...
4 года назад
Түгөлбай Сыдыкбеков
Түгөлбай Сыдыкбеков (14 Бугу 1912 – 19 Теке 1997) — кыргыздын ХХ кылымдагы чыгаан жазуучусу жана коомдук ишмери, Кыргыз Эл баатыры Кыскача өмүр жолу Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Кыргызстандын азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Кийинчерээк өзүнүн мектепке бара элек кызы Динарага 15-апрелден 15-майга чейинки күндөрдү жазган кагаз тилкелеринин бирин суурдуртуп, ага негизденип, 14-май күнүн өзүнүн туулган күнү катары шарттуу түрдө тандап алган. 1928–1931-жж...
<a href="https://kyrgyzcha.site">KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.</a><a href="https://kyrgyzcha.site/?p=48347&preview=true">CЫР</a> Жумушта, бош убакытым боло калса, колума тийген китепти окуп отура бермейим бар. Адатымча китеп окуп отурсам, чогуу иштеген жигит:-Эже, дагы эле китеп окуп отурасызбы? Китептен тажай элексизби?.. ”-деп жылмайды.– Жакшы китеп тажатпайт… Улам бир окуяга сүңгүп кирип кетесиң да, – дедим, китептен көзүмдү албай.-Мен да бир кезде китеп окуганды аябай жакшы көрчүмүн… Бир окуядан кийин, окугум келбей калды, – деп, жаныма отурду.– Эмне окуя, анчалык эле китепти жаман көрсөткөн?Окуп отурган китебимди жаптым да, ага таң калычтуу карадым. Суроомо жооп бербестен, кайра мага суроо берди:-Сиз, ушул чыгармалардын авторлорун кандай адамдар деп ойлойсуз?-Кандай болмок эле?.. Сен экөөбүздөй эле, эки колу, эки буту бар, баштары бирөө… Суроосуна тамашалай жооп бердим.-Жо-ок… Мен аны сурап жаткан жерим жок… Мисалы, ырлары бир сонун, окусаң жан эргиген… Дүйнө жүзүндөгү болгон сулуулукка суктанган, ар бир жаман нерсеге күйүп-бышкан ырларды жараткан адамдын ич-дүйнөсү да ошондой деп ойлойсузбу?Мени сынай тиктеди.-Анан кандай болмок эле?.. Жүрөктө болуп жаткан нерселерди жазышса керек да… Же, эмне, бирөөнүн калоосун кагаз беттерине түшүрүшмөк беле?-Сизге ар кайсы суроолорду берип башыңызды ооруткандан көрө, мен сизге, башыман өткөн бир нерсени айтып берейин… Анан сизге баары дайын болот…-деди да, мени угасызбы дегендей суроолуу карады.-Айта бер, – дедим, баш ийкеп.-Анда аңгемем башынан болсун: ХХХХХХХХХХХХХХХХХХ-Чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойдум. Кичинемде эле ата-энем ажырашып кетишиптир. .. Атам армиядан катуу таяк жеген көрүнөт. Келгенде “башым ооруйт” дегени менен догдурга көрүнбөй жүрө берип, үйлөнүп-жайлангандан соң оорусу күчөп, жин ооруга айланган имиш. Оорусу кармаганда айылды түрө кыдырып, кыйкырып-өкүрүп, жолунан кезиккен адамды таш-бараңга алып, өзүнчө сөгүнүп-сагынып, айтор аябай жаман болчу экен. Апам анысына чыдабай, мени көтөрүп алып, төркүнүнө кетип калган экен. Ошондо, байкуш чоң атамдар апама ыйлап барышып, мени, жалдырап жатып, өздөрүнө алып келишкен турбайбы. Ошону менен апам бир кайрылбаптыр. .. Менин бар экенимди деле унутуп калган көрүнөт. Ким билет?.Маектешим оор улуттунуп алды…– Атам жин оорудан арыла албай жүрүп, эрте эле кайтыш болуп кетти… Оорусу кармабаган мезгилде абдан шайыр, жароокер адам эле. Менин ар бир айтканымды чын көңүлү менен аткарууга даяр болчу. Үйдүн алды алма-бак… Көп убактыбызды ошол жерде өткөрчүбүз. Атамдын күтүүсүз кармаган оорусунан корккон чоң апам айыл-апага да чыкпай калган. Чоң атам пенсияда экенине карабай иштөөчү…Аңгемесин токтотуп, бир чекитти көпкө тигиле карап бир саам отурду да:-Мунун баарын айтып отурганымдын себеби, айтайын деген окуямдын ошо кездерге да байланышы бар… –деди.Сөзүнө тоскоол болбоюн деген ойдо, унчукпастан, “айта бер, кулак сенде” дегендей, баш ийкедим.-Чоң-атам, чоң энемдин көздөрү тирүүсүндө, ата-энемдин бары-жогу билинген эмес. Алды болбосок да, элдин артында эмес элек. Менин көзүм менен тең айланып, бар-жок эмне экенин билгизбей өстүрүштү. Мектепти аяктаар жылы, экөө бири-биринин аркасынан кайрылгыз сапарга узап кете беришти. Ыйлай-ыйлай жайларына узаттык.. Эл жалгыздыгымды билгизбей, болгон жардамдарын көрсөтүштү. Бирок… Жай-жайларына бергенден кийин, бир үйдө ээнсиреп жалгыз калдым. Атам жалгыз бала болчу. Жакын тууган таба албай кыйналдым… Элдин да өз түйшүгү, өз жашоосу бар эмеспи… Айтор, менин жалгыздыгымды тең бөлүшкөн, үйдөгү итим… Ич-бугумду ошого айткан күндөрүм арбын эле болду.Мектепти бүтөөр менен жогорку окуу жайга сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, ишке орношуп алдым. Айылым шаардын четинде. Жумушка барам, келем, китеп окугандан башка кылаарга иш жок. Чоң атамдын өздүк китепканасы боло турган…Үйдө турган китептин бирин калтырбай окуп чыктым…Билинбей жазгы сессиям башталып калды. Кышкы сессияда группалаштарды деле көргөндөй болгон эмесмин. Бирин-экин келип кетишчү. Мында көп келишиптир. Арасынан…