Сеня рядом и Белла пришел. Былое
Тагын синең ярларына килдем Бала чакнын эзлэп юлларын. Курмэденме, елгам, кайда калды Ялан аяк йоргэн сукмагым? Синен суың бигрәк суык диләр, Салкынлыгын хичтэ тоймадык. Шау-гор килеп суда коендыкта, Тэгэрэшеп ярда уйнадык. Бэлки синдэ назлы ана кебек Жылыттынмы безгә суынны? Дулкынында хэр березне тирбэп Кочакладын микэн соенеп? Хэтфэ чирэмендэ аунап яттык, Ярларынны инлэп чаптык без. Талларында кошлар сайраганын Хозурланып тынлап тордык без. Кайда калды икэн бала чагым, Курмэденме кайда качканын? Кабат, кабат ярларына килэм Тапмаммы дип сабый чакларым.
<a href="https://kyrgyzcha.site">KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.</a>“<a href="https://kyrgyzcha.site/?p=44320&preview=true">ЖАПАЙЫ РОЗАЛАР”. </a>10-БОЛУМ #жапайырозаларэлдик“Энеке,кандай жакшысыңбы? Ал-жайыңды атамдан уктум.Махабат жөнүндө капалуу экениңерди билдим.Эмесе мындай:Ал экөөбүз бир үйдө жашап,бир казандан аш ичип,бир эненин көз алдында чоңойсок да,эки башка тарбияда,эки башка мамиленин астында өстүк.Бул сөзүмдү кандай дейсиң энеке,же жалганбы?Мен билгенден Махабат оозу кубанып аш,ийни кубанып кийим,кулагы кубанаар сөз уккан жок эле.Менден калганды ичип,менин эскимди кийип жүрүп эс тартты.Аны үй жумушка,түгөнбөгөн көр оокатка салып,түйшүктөн көзүн ачырган жоксуң.А мени болсо оюм менен ойнотуп,барган жагыма баргызып,конгон жагыма кондуруп,эрке талтаң кылдың.Анда мен сенин ошентип жүргөнүңдү акылдуулук катарында эсептептирмин. Ал кезде мен балалыгым менен ойлосом,сен чының менен эле Махабатты өспөөчүдөй, өзгөрбөөчүдөй, бактылуу болбоочудай ойлоп жүргөн окшобойсуңбу. Чынымды айтсам мен да сага окшоп,ошондой болот экен деп жүрүптүрмүн.Жалгыз кызымды эркин өстүрөм,эрке өстүрөм деп жүрүп багымды байлап,таалайымды тартып салганыңды, балким,али да болсо түшүнө элек чыгаарсың.Чөптүн бүрүнөн башканы кийгизип,бөдөнөнүн сүтүнөн башканы ичирип чоңойтсом да кем акыл болуп калды деп,мага доомат коюп жүргөнүңдү кантип түшүнбөйүн. Айтор,далай- далай эле иштер өтүп кетти.Кайсы бирин айтып,түштөн кийин жакшы киши болуп олтурайын.Ошентсе да бир мисал келтирип кетким келет.Анда үчүнчү класста окуп жүргөн,эне сүтү ооздон кете элек,наристе кезибиз болчу.Сенин жаман көргөнүңдөн пайдаланып, Махабатты жамандагым, сага тилдетким келе берүүчү.Ал мектептен кичине кечигип калса эле:”Кайда калды?”-деп сураарыңды билчүмүн.Анткени аны сенин бүтпөгөн оокатың туруучу да.”Махабат кана?”-дедиң ошол күнү да адатыңча.” Энеке!Үйгө жүрү десем болбой койду.Эркек балдар менен каналга түшөмүн деп болбой кетип калды”-десем болобу.Ошол айтканымды эми эстесем да,төбө чачым тик турат.Мен Махабатты ойлогондо ошолорду кошо ойлойм,бардыгын эстейм.Уялам. Сен ошондо эмне кылдың эле?Чын-төгүнүнө жеткен эмессиң.Жылаңачтап алып сууга салып өлөөчө сабагансың. Турсисин чечип алып,башка-көзгө койгулагансың. Андан дагы,догдурга алып барып тазалыгыңды текшертем деп наристелигине карабай маскаралагансың. Мен сен ошентип тилдеген сайын,урган сайын күлкүм чыгып,душманымдан өч алып жаткансып,табалап тургамын.Энесин тарткан бузуку дечү эмес белең. Бирок мен Махабаттын энеси жөнүндө ар дайым жакшы сөздү,мактоолорду угуучумун.Айылдаштары Акылкарачач дешчү. Анан дагы эки өзүңдүң бирөө:”Сен төрүмө тууп кетпесең эле мурдуму туурасынан кесип берейин”- болоор эле.Мыкатка такыр ишенчү эмессиң.Ал эми мага болсо Кудайыңдай сыйынып,Курандай ишене тургансың.Мен бойго жеткен кезде да баскан-турганыма, жүрүш-турушума, башка энелерге окшоп көз салбадың.Көрсө, сенин энелик кыраакылыгың, энелик тажрыйбаң тайкы турбайбы.Келечекке карай туура багыт берүүнү билген эмес экенсиң.Сага окшоп кызын кыздай,уулун уулдай тарбиялай билбеген энелердин күнөөсүнөн оор,жер жүзүндө орчундуу кемчилик жок болсо керек деген жыйынтыкка келип,эрдимди кесе тиштейм.Өткөндөгү ошол күндөр эсиңден чыга элек болсо керек,эне.Теңтуштарыбызды, классташтарыбызды, айтор,ким эле болбосун Махабат экөөбүздү ит өлө турган жерге вечерге чакырабы,туулган күнүн белгилейби, аны жибербей мага уруксат берүүчү эмес белең.Мени ошентип жүрүп өзүң талкалап,өзүң бузуп алган турбайсыңбы. Ага шор тилеп,мага бак тилегениңди айтпасаң да билүүчүмүн. Кайда ошол бак,кайда ошол таалай.Атам байкуш өз кызы Махабатты кандай көрсө,мени да ошондой ала-куласыз көрүүчү.Бирок сен ал кишидей кең пейил,ак,адил боло албадың.Ырасын айтсам атасын тартып,кызы да көлдөй кенен экен.Сени атам несен жолу кызына кылган мамилеңе чыдабай кетирем деп көгөргөндө, дагы эле кетирбей алып калган ушул эле Махабат эмес беле.Ал сенден көргөнүн көбүн жашырып,атасына айтуучу эмес.Сен экөөбүздү кектегенин билесиңби деги?Ошон үчүн биз да аны кектешибиз…