sfd
Накыл Сөздөр 27 1Эртеңки күн менен мактанба, анткени эртеңки күнү эмне болорун билбейсиң. 2Сени өз оозуң эмес, башка бирөөнүн оозу мактасын. Сени өз тилиң эмес, бөлөк бирөөнүн тили мактасын. 3Таш оор, кум да салмактуу, бирок акылсыздын ачуусу экөөнөн тең оор. 4Каар катаал, жаал тыйылгыс, бирок кызганчаактыкка ким туруштук бере алат? 5Жашыруун сүйүүгө караганда ачык айтылган ашкере жакшы. 6Сүйгөн адамдын жемеси чын жүрөктөн чыгат, жек көргөн адамдын өбүүсү жалган. 7Курсагы ток адам балды да тебелейт, ачка кишиге ачуунун баары таттуу. 8Өз жерин таштап кеткен адам уясын таштап кеткен канаттуудай. 9Жыпар жыттуу майлоочу май жана түтөтүлүүчү зат жүрөктү кубантат, адамга досунун чын жүрөктөн берген кеңеши да ошондой жагымдуу. 10Өз досуңду да, атаңдын досун да таштаба. Башыңа мүшкүл түшкөн күнү бир тууганыңдын үйүнө барба, алыстагы бир тууганыңдан жаныңдагы кошунаң артык. 11Уулум, акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант. Ошондо мага жаман сүйлөгөн адамга жооп бере алам.
Жон Фицжералд Кеннеди- "Каармандык орноктору"
Бул китеп- адамзаттын озгочо суктанарлык айколдук сапаты- каармандыгы жонундо. Эрнест Хэменгуиэй аны "опурталдуу учурдагы кен пейилдик" деп аныктаган. Мында АКШнын сегиз сенатору дуушар болгон опурталдуу кырдаалдар-оз кызмат абалын тобокелге салуу, оз багытынын калайыктын колдоосуна ээ болбогондугу, алардын бейнесин жаманатты кылуулар, айрым бир учурларда болсо, кейиштуусу,айрым гана учурларда, алардын кадыр-баркы менен принциптеринин коргоого алынышы менен байланыштуу жагдайлар,- жана бул акыбалдан алар чыга алган айкол сапат тууралуу баяндар камтылган. Откон чакта коом турмушунда...