KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.Дос… Менин бир досум боло турган. Жок, биз алгач үчөө элек. 1-класска чогуу барган үч томпойгон балакайлар. Бири-бирибизден эмне таптык ким билсин, 1-класстан мектепти бүткөнгө чейин эч айрылышкан жокпуз. Үчөөбүз ар түрдүү сапатка ээ элек. Мен идеяларга бай элем, сен алака жүргүзгөнгө мыкты болчусуң. Менин идеям менен семичке алып келип мектепке сатып акчалуу болгонубуз эсиңдедир. Ал эми Талгат көпүрөбүз эле. Андай адам кылымда бир жаралат, эч нерсе менен иши жок, ичинде таруудай арамдыгы жок, ак жашап өтүп кетти. Экөөбүздөй эзилип, жанчылып, карама-каршылыктар менен алпурушпай, баарына шүгүр кылып жашады. Жакшы окучу, лидер эле, атаман болчу. Бирок кендирди кескен турмуштун айынан каалаган окуусуна өтө албай калды. Биздей болуп ата-энесин кыйнап акча төлөп окууга өткөн жок. Чиедей бөбөктөрүн, оорукчан атасын аягандыр. Экөөбүздөн айырмаланып чоң жүрөгү бар эле.Экөөбүз борборго келдик. Чогуу жашадык. Анан сен бизнес кылам деп кеттиң, мен жазмачылыгым менен калдым. Жолдорубуз көп кездешти. Сен улам жогорулап бара жаттың. Өзүң байкабай өзгөрүп бара жаттың. Жырткычка айланып бара жаттың. Көз алдымда. Күндөн-күнгө. Сени ар жолуккан сайын тааныбас болдум. Бийликтин, байлыктын сазы соруп бара жатты. Куду ажыдаар оп тарткандай сени мансап соруп кетти. Сүйлөгөнүң доллар, кызыкчылыгың кыздар болуп жатты. Мен да пендемин да. Сендей боло албаганым үчүн, уучтап доллар кармабаганым үчүн, калемим менен жан багып кичине тамымда, эски унаам менен жашап жатканым үчүн ыза болдум. Ичим күйдү. Анткени сен менден акылдуу эмес элең. Сен эпчил болчусуң. Мен идеалист элем, сен үчүн эч кандай принцип жок эле.А бирок эч бир убакта Талгат ич күйдүлүк кылган жок. Экөөбүзгө тең. Барпалаңдап коюн союп, колунда барын жайнатып тосуп алчу. Чындыгында ал экөөбүздөн тең бир сөөм болсо да акылдуу болчу. Акылдуулугун ушундан бил, экөөбүздүн тең машинебизге бирдей козу салып берчү. Даанышмандыгын мындан бил, сени мага, мени сага кайраштырбай, кайра элдештиргенге аракет кылчу.Бир күнү жаман кабар уктум. Өмүр бою сугатта жүрүп бөйрөгү кургап бараткан экен. “Досум, силерден башка ишенерим жок. Балдарым жаш эле. Саматка айт, өмүр бою иштесем да төлөп берем” деп үмүт менен чалды.– Талгат, ошо да сөзбү? Тез арада Саматка барам, керек сумманы табабыз. Сен болгону чыда.– Рахмат, досум.Буту күйгөн тооктой болуп чуркап жөнөдүм. Ортодогу карама-каршылыктар да унутулду. Кабинетиңе араң уруксат менен кирип, окуяны айттым. Сен кашыңды да жыйрып койбодуң. “Бизнес, досум, болгон акчаны бир ишке киргизип ийдим, өзүнүн деле мал-жанын сатсын, аракет кылсын. Дагы көрөбүз, бирок убада бере албайм”. Ушу сымал нерселерди айттың.Мал-жанын эмес, баарын саткан күндө да ал анча сумманы топтоп жетише албайт эле. Башка адам болсо мейли эле, бул Талгат да, кокуй, жаныбыз бирге, сырыбыз бирге, балалык бирге өткөн досубуз. Сени тиктеп турган көздөрүм ушуларды айтып жатты. Тилим болсо сөгүп жатты. Мен машинемди сатып, Талгат малдарын сатып акча чогултканча өтүп кетти. Азасына келген сенин жүзүңдү карагым келген жок. Элдин баары кетип, бир карасам көрүстөндө сен гана калыптырсың.– Кел сүйлөшөлү, мен…Жүзүңдү карабай бурулуп кеттим. Кийин башыңа түшкөн күндөрдү уктум. Кабыргам кайышты. Жаныңа барып жакшы сөз айта албадым. Болгону жүрөк ооруп жатты. Жаманды-жакшыны, өткөндү-кеткенди ушул жүрөк байкуш унутпайт тура. Бир кезде экөөбүздүн жүрөгүбүз бир жээкте эле. Сени бийлик, мени тагдыр өзгөртө элек кезде экөөбүздүн дүйнөбүз бар эле. Ак дил, таза сүйүү, акыйкаттык жашаган дүйнөбүз бар эле. Мен ошо дүйнөнү сагындым. Катуу сагындым. Жаныңда, бирок алысмын. Турабыз ошентип… Эки жээкте…The post Дос…  appeared first on KYRGYZCHA SITE. http://kyrgyzcha.site/
<a href="https://kyrgyzcha.site">KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.</a><a href="https://kyrgyzcha.site/?p=60011&preview=true">Уйдо журуп</a> ,колумдагы саатка карадым. Саат 16:29 ошол убак досум телефон чалды:-досум кандайсын? Ден соолуктарын жакшыбы?-жакшы дос озун?-жакшы . Доске бугун кечки алтыларга жолукпайлыбы?-алтыларга? Макул кайсыл жерде?-жана ээн таала жака ,билесинби асты жагында кол бар.-аа болду ,болду барайын,барайын.— э аяшты ала келгенди унутпа.-аа сенчи?— менда алып барам,аяшын унаа айдаганды уйрот дегенда ,ошого ошол жерде уйротойун деп жаткам.— менинда кызым уйрот деп жанымды койбой жаткан,менда уйротуп коёюн анда, аха туштон кийин жолугабыз.-азыр 16:29 болду дагы бир жарым сааттан сон жолугуп калат экенбиз буюрса… макул жолугабыз.——————— ———————- ———————Досум негедир бугун башкача,конулу ачылып ,кубанычы койнуна батпай турат. Суйлошкон кызын катуу суйот,кудум мен кызымды суйгон сындуу. Досум экообуз эмгек жолунда журуп танышып,жакын доско айланганбыз. Бир топ компаниялар менен иштешип,кыйындарды ,бут тоскондорду биргеликте женгенбиз. Экообуздун достукка копчулук суктанышат, бизге кошулгусу келишет,бирок досум экообуз ортого эчкимди жолотпойбуз. Экообуздун ортодо туболук антташкан достугубуз бар. Жакында дагы жыйырма кундон кийин ,биз суйгон кыздарыбызга уйлонобуз. Экообуздун той бир кундо,бир жерде болот. Биз ал кунду чыдамсыздык менен кутуп жургон кезибиз. Кечээ жакында эле,болочок жубайларыбызга ,келин койногун тандаганы барып,аларга жакканын алып бергенбиз . Бугун мынтип кайрадан жолукканы турабыз.Ошентип туштон кийим кызымды алып,белгиленген жерге бардык. Баарыбыз жолугуп,жылуу- жумшак учурашып,четирээк жерге дасторкон жайып ,алып келген шириндиктерден жегенче суйлошуп отурдук. Андан сон кыздарыбызга унаа айдаганды уйрото баштадык. Менин кызым анча уйроно албай ,акыры тажадым дегенинен жар боюна барып ,колго коз салмай болдук. Досум болсо аяшым экоо каткырышып, унанасын ары айдап,бери айдап зуулдап журушту. Чынында алардын бактылуулугунда чек жок болчу. Биз кызым экообуз жар боюна келип,асты жакта колкулдоп турган колго ,тээ алыстагы тоолорго жана бийикте учкан куштарга суктануу менен карап турдук. Кызымдын артына отуп аны бекем кучактадым. Ал жылмаю менен гана алыстарга коз чаптырды. Мен анын колдорунан кармап,туболук бир болоорумду ,туболук суйоорумду айттым. Алда суйоорун айтып,бизда бактылуу кундордун бирин откоруп жаттык. Кантсе да ал менин болочоктогу аялым, туболук жарым. Биз козубузду жумуп ,журок менен суйлошуп ,озунчо бир бакытка батып турдук. Бир убакта кулагыма унаанын зуулдаган уну угулду. Козумду ачсам унаа туз эле бизге карай жакындап келе жатыптыр. Ичинде аяшым бир бизди карап,бир томон жакты токтоткучу(тормоз) карап келе жатты. Анын чекчейген коздору ,корккону бут баары корунуп турду.Мен озумду жоготуп коё жаздадым. Кызымдын колунан бекем кармап,унаадан четке качканга аран жетиштик. Кызымда менда жыгылып туштук. Мен аны тартарым менен аяшым унаа менен жар боюнан ыргып кетти. Кызым аны коруп бакырып-окуруп ыйлап кирди. Мен да эмне кылаарымды билбей калдым. Досум тээ алыстан аяшымдын атап окуруп келе жатты. Мен аны токтоткончо болбой алдагы жар боюнан секирип жиберди. Мен дароо ордумдан туруп жар боюна жеттим. Досумдан да,аяшымданда из калбаган. Мен кызыма ктууп турушун айтып,жардын четирээк жеринен ,кол тарапка тушуп баштадым. Кызым жормолоп келип,ыйлап- сыктап этият болушумду айтты. Бир убакта бутум тайып жардан ылдый сурулуп,колу- бутум, дене боюм тытылып ,жерге кулап туштум. Ал убакта кызымдын кыйкырыгы гана угулуп турду. Менин демим кысылып,жотолуп ордумдан туруп,кол тарапка чуркадым. Эчнерсеге караай колго чунгуп кирдим. Унаа терендике тушуп кеткен экен. Мен ага жете албадым. Аба жетпей жогорууну коздой сузуп чыктым. Суу жутуп,какап кеттим. Жузумду арчып,кызымдыды карадым. Ал колу менен кол жээгин корсотту. Карасам досум кызын алып чыккан экен. Мен бир чети коркконум менен,бир чети суйунуп кеттим. Дароо алар тарапка сузуп бардым. Аяшым ээсине келе…