Белгилүү алып баруучу, куудул Назира Жетигенова келе жаткан ноябарь айында боло турган концерт боюнча "Фабула" эксклюзивдүү маек куруп берди. Ноябрь айынын башында «Алина» тобу концерт бергени жатыпсыздар, сөзүбүздү ушул концерт туурасында баштасак. - Ооба, «Алина тобуна -25 жыл» деген аталыш менен 5-6-ноябрда Бишкек шаарыбызда чоң программадагы концерт бергени жатабыз. Концертти «Алина» тобунун кийинки мүчөлөрү болгон Фарида Карбосова, Мирлан, Нурлан жана мен төртөөбүз уюуштуруудабыз. Азыр концерттин даярдыктары менен чуркап жүрөбүз...