Колыбельная для детей. Музыка для сна. Релакс
KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.«ЖОЛООЧУ КЫЗДЫН БАЯНЫ»Жол журуп бара жатып, жолдун узактыгына байланыштуу жанымдагы кызга соз узатып аркы-беркини суйлошуп созго тарттым. Эмнегедир анын жузунон капалыкты, кайгыны, сезип туйдум. Ал кыз мага журогундогу, жузундогу кайгы мунун сездирбегенге аракет кылып жылмайынкы суйлоду. Биз жакшылаап тааныша келсек бир райондун кыздары экенбиз. Ал кыз мени соц сеттен суротторумду жана чакан чыгармаларымды коруп окуп чыкканын айтты. Ал кыз мага карап. -Эмнегедир сен мага жакын адамымдай сезилип жатасын синдим, Сага менин жашоомдогу болуп жаткан окуяларды баяндап бербесем болбойт деди. -Макул узун жолду кыскартып суйлошуп баралы деп тим болдум. Анда эмесе соз башынан болсун ал баяндап берген окуяны сиздер менен болушууну чечтим каарманыбыздын аты Асел. Ал кезде Асел 1-класска жаны барган кези эле. Мектептеги кыздардын эн эле сулуусу жана акылдуусу эле Бир куну мектептен Асел уйуно чуркап кирип эле апаа деп эркелей кетти -апооу мен бугун баардык сабактан «5′ алдым, апасы Гулум чекесинен ооп -Алтыным десе эстуу кызым барда бактылуу болчу кагылайыным менин. Деп эркелеше эне кыз олтуруп калды, бир маалда Асел -АПА мен мектептен бугун бир аялды кордум Бети таанылбайт ананда коркугучтуу экен -Кызым кайдагыны айтпачы коркунучтуу адам болбойт да ал бир мугалим болсо керек да -жоок АПА ал халатчан аял кечкери мени карап турду дегенде Гулум ойлуу олтуруп кой кызымды башка мектепке которбосом болбойт. Ал аял кызыман ажыратып журбосун деп эртээси эле башка мектепке которду. Башында Асель конушо албай журуп бир жума аралыгында конушуп окуучулар менен тил табышып кетти. Убакыт учкан куш сымаал отуп Асель да бой жетип чоноё баштады Элден калбай кийинет, ичинет бирок бир нерсе ага жетишсиз ал Асельдин атасынын жоктугу.Атасы Асель бир жашка чыкканда душмандарынын артынан киши колдуу болуп олтурулгонун апасы баяндап берген эле.Асель атанын мээримине зар болсо да апасына айтып, ыйлап, апасынын журогун оорутпайт эле, коншу эжелер атана куюуп койгондой окшошсун десе суйунуп калаар эле мектепте да баардык иш чараларга активдуу катышаат такылдап ачык суйлогон дайыма жузу жылмайынкы журот Кундор отуп айлар алмашып куз мезгилинин акыркы кундору кирип келди Гулум апа кызынын акыл эстуу чонойуп жатканына ыраазы боло ойлуу олтурган эле кызы козун ушалай болмосунон чыгып келип апасынын бетинен аяр ооп -алтын апамгоо тамак жасап койдунузбу? -Ооба жарык кызым сен тургуча жон олтурбай мектебине ачка кетпесин деп. Кана тур жуунуп кел деп Гулум АПА дасторкон жайды тамактанып алган сон кийинип Мектебине жоноп кетти мектепктин кире беришинде бей тааныш чырайлуу бир жигит Асельди карап турган эле, экоонун коздору чагылыша тушту Асел унчукпастан кирип кетти. Класстын ичи ызы чуу жаны бала келиптир бизге кошулат экен кыздар чаап алып журбогуло деп балдар тамашалай суйлошуп жатыштыАсел ичинен суйунуп бир чети озуно тушунбо албай олтурду бир убакта Мугалим жаны келген баланы ээрчите кирип келип окуучуларга тааныштырып жатканда Асель экоонун козу Экинчи ирээт чагылыша тушту. -Кана Бегзат бугундон баштап Аселдин жанына олтурасын Асельдин парталашы кечээ башка мектепке которулуп кетиптир деп айтып мугалим сабак ото баштады. Асел аябай сурдоп сорго олтурду ал куну сабак мээсине кирмек тугул конул да бурган жок ойунун баары жанында олтурган жигитте. Бегзаттын да конулу жанындагы сулуу кара коздо болуп журогу эзиле аны сынай олтурду Бегзат Кара коз Аселин коруу учун мектептен калбай барып журду Бирок кунуго ал кызга батынып суйлой албай ичинен башкалардан кызганчуу болду бир куну чечкиндуу сабактан кийин уйуно жеткирип созго тартмай болду Эртен менен туруп сабака барайын десе жамгыр жаап жатыптыр кол чатырын колуна кармап жолдо бара жатса Асел суу болуп бара жатканын коргон Бегзат артынан чууркап жетип кол чатыры менен жамгырды жаба салды. Асель рахматын айтып жанында жандап басты. Экоонун тен журогу алоолонуп куйуп келе жатты. Ошол кундон тартып экоо аябай жакшы мамиледе болуп журду бир куну Аселди жолугушууга…
KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.Кайнене-келин баяны 13-БОЛУМ— Жеңе, бери келсеңиз, муногу кыз жакпай калды. Өзүңүз бирдеме деп жолго салып коюңузчу,— деген кайниси шыңгырап жаткан чөнтөк телефонду анын колуна кармата койду. Эч нерсеге түшүнбөй калган Мая телефонду басып: — Алоо бул ким? А менби… Мен Авастын сүйгөн кызымын. Бизгеби…м.. м… бир жыл болот. Мен да сүйөм… Эч бербейм, ал меники… Мушташка чакырасыңбы. .. Авас экөөлөп сени тепкилеп салбайлы?…Давай пока… Аваска берейин. Кел жаным… Жеңесинин минтип айтаарын күтпөгөн Авас тим эле боорун тырмап каткырып жатты. Мая телефонду ага берип: — Кудай кааласа кутулдуң! Сникерс шокалад карызсың,— деп, тамашалап коюп үйгө кирип кетти. Кайынатасы келининин шаңкылдап сүйлөгөнүн угуп алып, таң калганынан жүрөгү токтоп калайын деди. Артынан аялы кирип: — Экөө ошентип кыздарды тамашалашат. Баары жайында. Укмаксан болуп кой. Өзүбүз эле кагуу жеп калбайлы,— деди ага. Телефонун колуна алган Авас огородго барып алып, “ушундай болуп калды, мени кечир” деп жатты. Авас адамдын көңүлүн оорутпаган, боорукер. Жеңесинин да көңүлүн көтөрүп дайыма чынбы жеңе, распы жеңе, суу алып келейинби жеңе, эмне жардам керек жеңе деп тим эле артынан ырдап жүрөт. Сырларын да жашырбай айтып берип, кыздарынын сүрөтүн көргөзүп турат. Бир убакта беш кыз менен сүйлөшкөнгө үлгүрөт. Бирок бейчеки ээнбаштык кылбайт. Мая да аны “эрке бала”, “шайыр бала” деп тергеп, кээде үйдө эч ким жокто Авас дегенди тескерисинен Сава, Сорока деп эркелетип, экөө анын кыздарына ойноп тийишип, жинди кылышат. Жаштары теңчамал эле. А Нуртай болсо токтоо, кабагы көп ачылбай окуусуна барып келип, апасына жардам берип, ага-жеңеси менен сый мамиледе. Ал али юрфакта окугандыктан Мая аны сот бала деп тергеп коёт. Жеңесинин антип тергегени Нуртайга да, үйдөгүлөрдүн баарына жагат. Азыр студент анан үйрөнчүк деп улам огуштуруп олтурбай эле акыры сот болот, сот деп эле коёюн деген. Түшкү чайдан кийин Мая алаксымакка Алымкан апасына газета көргөзүп: — Апа, Гүлназ деген ырчы жөнүндө угасызбы, окуп берейин?— деп калды. — Мейли, кагылайын. Окусаң оку… Аты-жөнү: Байзакова Гүлназ. Жашы:20, бою:172, салмагы:53, жаккан тамагы:манты, жактырган майрамы: жаңы жыл, бойдок, жаккан машинеси мерседес экен. — Ээ садагаң болоюн, мунуңду кадырлап гезитке чыгарган соң, бир элге пайдалуу суроо берсе болбойбу. Анын эмне тамак жакшы көрөөрү ашказаны менен ашпозчусуна эле керек болбосо, элге эмне кереги бар. Мисалы, кантип жакшы ырчы болсо болот. Кантип оңолобуз?.Чет элдин эмнесин үйрөнсө болот. Кайдан арзан оокат, кийим табабыз жана башка суроо толуп жатпайбы? — Ай, апам ай. Азыркы жаштарга ушул кызык да. Сиздерде кандай суроо берчи эле. — Садагаң болоюн, эми анын кайсы бирин эстейин. — Айтсаңыз апа. Уландысы бар…The post Кайнене-келин баяны 13-БОЛУМ appeared first on KYRGYZCHA SITE. http://kyrgyzcha.site/