06:44
1,0×
00:00/06:44
20,1K просмотров · 3 года назад
<a href="https://kyrgyzcha.site">KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.</a>” <a href="https://kyrgyzcha.site/?p=45250&preview=true">Бийчи кыз”(чыгыш бийи)</a> Тун ортосунда, машинасын короого акырын токтотуп коюп кирип келген Адыл, жубайынын уктабай олтурганын корду… Конул бурбастан жатуучу болмого кирип комкоросунон тушуп жатып алды… Акырын жанына келген жубайы Адылды турткулоп кайда журдун? Деди… – Кой жатып уктачы, досторум менен болдум, мен чарчадым деп жубайын тыйып койду… – Жашагандарына 10 жылдан отуп калды, ойлоп корсо Адыл менен адамча 1-2 ай гана жашаптыр… Мына ушуларды ойлонуп олтурган жубайы, жаштыгынын отуп бара жатканын сезди, мектепти бутуп эле тийип алдым, Эми мынтип куйоомду кутконум куткон, же бир аялындай карап койсочу, кааласа кеч келет, кайда жургонун айтпайт, эрди катындай сырдашпайбыз, бала карап эле уйдо отурам… Деп ичинен жубайы кейип олтурду… Анан акырын кузгуго каранды, бакыран коздорунун четтерине бырыш тушо баштаптыр, бирок бетинин бир жеринде кара так жок, сулуучумал келген чачы белине чейин оруп, жоолуктан чыгарып таштап коет… Дене мучосу отуздан ашса дагы жаш кыздардыкындай… Эхх эмнеге бир жигит менен дагы суйлошподум экен, мынчалык азап чекпейт элем, качанкыга чейин куйоомдон бир жылмайуусуна зар болуп журом деди… Анан оюна бир нерсе кылт эте тушту… Куйоосун жумуштан чыгып кайда бараарын андыгысы келди… Ошентип куйоосу кеч жумуштан чыгып эле бир чон имараттын ичине киргенин корот, артынан калбады… Корсо ал жерде конул ачуучу клуб экен… Ичинде кыздардын чыгыш бийин чимириле бийлегенин корду… Андан сон артына кайтат… Уйуно келип куйоосун деле унутуп калды, оюнун баары жанагы кыздардын бийи эле… Себеби кичинекей кезинен, чыгыш бийине кызыгып бийлегиси келгенде, атасы кызым мусулмандар антип жарым жыланач болуп, соймондоп жылаанга окшоп бийлебейт деп тыйып койгон болчу… Бирок ал бий жашоосунун бир болугу болуп калган болчу, кубанса дагы кайгырса дагы чыгыш бийин уйдо эле, музыка коюп бийлеп алчу, мумкун ошондон дене мучосу келишкен бойдон болуш керек, куйоосуно канча бийлеп бергиси келди бирок, жумуштан чарчаган киши болуп, сыналгы корот же, уктап калат… Аябай бук болду уйдо олтуруп… Акыры бир куну жанагы конул ачуучу клубка барды, ал жерде ал чыгыш бийин уйронуп, анан бийлеп акча тапса дагы болот экенин тушунду… Эмне жолдошум кундо конул ачсын, мен ача албайт бекем, деп бий уйроно баштады… Биринчи баары жашы отуп кеткен деп жактырбай жаткан, бирок анын бийлегенин коруп баарынын ооздору ачылды, себеби Адылдын жубайы аябай сонун бийлейт эле… Бугун кеч сыртка чыгып коруучулорго бийлеп бересин деди, уйротуучу… Кичине толкунданганы менен, озуно ишенимдуу эле.. Макул деп кечкиге камына баштады, баласын синдисине таштады, а Адыл азыр бул клубка келеерин билет болчу… Ошентип элдер чогулуп оздорунчо ичимдик ичип олтурушту… Адылдын жубайы кериле басып чыкты, бетин атайын тор менен жаап алган болчу, бир кезде музыка башталып, келин чимириле бийлеп баштады, элдин баары кол чаап, тан кала карап жатышты… Алардын арасында Адыл дагы бар болчу, бул чимириле бийлеген кызга, шилекейин агыза бир четте карап турган болчу… Ангыча бийчи кыз келип Адылга тийише, аны айланып отуп, соомойу менен кокурогуно сайгылай, козуно тике карай бийлеп жатты, Адылдын бут денеси ысып чыкты, озунчо бийчи кызга арбалып баратты, козу карангылаша, кол чапкандан башка эч нерсе кыла албады, бирок эмнегедир бийчи кыздын козу тааныштай сезилди, эмне болсо дагы бул кызды, кеч озум алам деп ойлоп жатты… Себеби бийчи кыз журогун оордунан козгоп койгон болчу, бугун баарибир капканыма тушосун, канча сураса дагы даярмын деп ойлоп жатты… Ангыча музыка бутуп бийчи кыз кетип жатты… Адыл артынан жугуруп келип кыздын колунан кармай, чон кыз каршы болбосонуз кечени улантпайлыбы деди… Жалт эте караган бийчи кыз, Адылга жакындап келип, кулагына экинчи кабаттагы, сегизинчи болмодо болом деп, басып кетти… Кудундаган Адыл, эч нерсени ойлонбостон экинчи кабатка которулду, кийим которгон жакта бийчи кыз, атайын Адылга звонок кылып…
<a href="https://kyrgyzcha.site">KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.</a><a href="https://kyrgyzcha.site/?p=56926&preview=true">КАРТ АЯЛ МЕНЕН ЖАШ АЯЛ</a>. Улгайган аял менен жаш аял маңдай-тескей чай ичип олтурушту. Ооба, бири улгайган, экинчиси жаш. Булардын курагы да, тагдыр жолдору да, турмуштан алган энчилери да бири бирине окшобойт. Бир дасторкондо олтургандары менен ой-санаалары эки башка. Жаш аял эртерээк ичип бүтүп, дасторконду жыйнаштыра коюп, караңгы кирип кете электе үйгө жетсем болот эле деп ичинде тынчы кетип олтурду. Күйөөсү да жумушунан келип калгандыр. Балдары мектептен эмгиче келишти. Кичүүсү ыйлап калбады бекен? Күйөөсү аны көтөрүп алып сыртта жол карап жүрөт го… А тиги улгайган аял эч кайда шашпайт. Өз үйү. Үй кызматчысы Наркүл менен шашпай чай ичип , алаксып убакытты өткөргүсү келет. Ага убакытты өткөрүү кыйын да. Айрыкча кечиндеги сааттар үстүңдөн басып тургансып жылбайт. Азыр Наркүл кетип калса эле тунжураган үйдө жалгыз калат. Аялдын аты – Рабия. Жашы алтымыштан эбак өткөн. Чачы куудай ак, толугунан келген, үнү жоон, мүнөзү эркек сыяктанган бул аялга убагында Рабия Нуртаевна дешип жапырт кошомот кылып турушчу. Анда совет доору күчүндө турган маал. Ал ошол учурда Республикалык керек-жарак союзунун председатели болуп көп жылдар иштеген эле. Жаш эле, анда ичкерээк да, сулураак да болчу. Потребсоюздун ак волгасында чалкалап, ийилип салам айткандардын кээсин укса, кээ бирлерин карабай деле койчу. Ал учурда андан өткөн кадырлуу адам бар беле? Анын алдына ким гана иши түшүп келбеген? Ал көбүнчө өзүнө пайдасы тие турган керектүү адамдар менен мамиле түзчү. Ошого жараша мамилелердин кайтарымы болуп турчу. Мына бул хан сарайдай заңгыраган эки кабат үй ошол жылдарда салынган. Ал убакта мындай үйлөр бирин-экин гана чоңдордо болбосо, кайдан? Үй эмеректеринин баары чет элдики болоор эле. Жалгыз башына мынча чоң үйдү эмне кылат дешип элдин көбү сөз кылышкан. Рабия Нуртаевна кызматтан, сый-урматтан, материалдык байлыктан эч бир өксүү болгон жок. Бирок жеке турмушундагы чоң кенемтеси – үй бүлөө күтпөдү. Балалуу болбоду. Ооба, ал жаш күнүнөн эле активист эле. Институтту бүткөндөн кийин комсомолдук иштерде жүрүп, анан партиянын катарына өтүп, жаш комму- нист катары кызматтын тепкичтеринде көтөрүлдү. Акыры кызмат орундар ага кумар болуп калды. Учурунда ага сөз салган жигиттер деле болгон. Кийинчерээк, отуздан өткөн чагында деле колун сурагандар болду. Бирок өзү ынаган эмес. Күйөөгө чыкса, бала төрөсө кызматы эмне болот? Ал иштей турган орунду башкалар ээлеп кетпейби?! Ошентип жүрүп жылдар бат эле өттү. Кыркка келди. Анан элүүдөн да өттү. Аңгыча советтик доор кулады. Баш-аламан турмуш келди. Кимди ким көрдү болду. Кызматың да, келечек ойлоруң да жаңы турмуштун агымына жутулуп кетти. Керек-жарак союзу эми эч кимге керек болбой калды. Ошол жылдар Рабия Нуртаевна үчүн абдан оор учур болду. Үйгө олтуруп калды. Анысы аз келгенсип тепкичтен буту тайып жыгылып, жамбашын сындырып алды. Жарым жылча төшөктө жатты. Кийин да жөнүгө албай, акыры таяк менен басып калды. Ойлоп көрсө кесиптештерге, курбу-курдаштарга ал тургай бир туугандары- на да ынак боло албаптыр. Баарына эле кызматкер катары ат үстүнөн мамиле жасаса керек. Ушундайда ал-жайын сураар жакын адамдары деле жок экен көрсө. Баягы кошомотчылары дайын-оту жок кетишти. Көрсө кээ бир адамдар кызматы менен гана учурунда барктуу сымал көрүнөт тура. Рабия Нуртаевна ошондо гана өзүнүн жеке турмушу жөнүндө ойлоно баш-тады. Эми ушинтип кызматтын урматын көргөн күндөр бүтүп, чогулткан дүнүйө-мүлкүн тиктеп ээн үйдө олтуруп калабы? Кантип эле? Жок, ал өзүн колго алып, сырттагы жаңы турмушту байкаштырып, чогулткан акчасын тобокел деп бизнеске салды. Бизнес дегендей жанын үрөп деле чуркап иштебейт. Болгону шаардын чок ортосундагы үч-төрт имаратты менчикке чыгартып алды да, ичи-тышын кынтык- сыз ремонт жасатып туруп, ишкерлерге кайра ижарага берди. Ошол жылдардан ушул күнгө чейин ижара акы менен ханга салам бербей жашап келатпайбы. Бирок акчасы курусун. Жалгыздыгы…