<a href="https://kyrgyzcha.site">KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.</a><a href="https://kyrgyzcha.site/?p=44510&preview=true">ТОКОЛДОН ТУУЛГАН БАЛА</a>.1-БОЛУМ. Ушул төрт жаштардагы уул баланын таза кийингенин эч ким көрө элек. Жонунан түшпөгөн күнгө бозоруп кеткен спорттук шым-күрмөсү кырк тешик. Наристеге баары бир да, аны таназарына албайт. Мойнунун кири беш эли, тырмактары ороктой болуп, асты кирге толгон. Какачы куюлган чачы желкесин жаап, үксөйүңкү. Жедеп Абижесинин ур-токмогуна деле бышып бүткөн ал күнүнө беш маал желкеге муш жегени жеген. Абиже дегени — кошуна Айгүл. Үстүнө үйрүлүп түшүп караган таенесинин көзү өтүп, башка туугандары жоктугунан Айгүлдүн колуна келгенине эки жыл болуп калды. Андагы эки жаштагы торсойгон балакайдын Айгүл эже дегенге тили келбей Абиже деп калганы ошондон. …Эки жылдан бери баланын башынан таяк кеткен жок. Курсагы деле жарытылуу тойбоду. Тамдын боорун чукуп жеген адат таап алган. Анысын Абижесине байкатпаганга аракет кылат. Антпесе төбөсүнө төөматек ойноп кетиши мүмкүн. Тамдын боорун чукуп, кебетесин кетиргени үчүн. Бала деле жазмышка моюн сунат окшобойбу, оозун ачканда жок дегенде эки каргыш ыргып чыккан аялдын зомбулугу деле кадиресе нерседей туюлат наристеге. …Айына бир жолу Абижесинин кабагы ачылып, ошол күнү Алимбек таяк жебейт. Ал күнү алган пенсиясына таттууларды, анча-мынча кийим-кечек көтөрүп алган пайгамбар жашындагы атасы Калпа келет. Ал апкелген таттууларын уулуна карматып, шуу үшкүрө, жаңы кийимдерди кийгизип, төбөсүнөн жыттайт. Бир саат, эки саат улам күрсүнө божураган уулун алдына алып отурат да, үндөбөстөн, Айгүлгө акча карматып, чыгып кетет. Абышканын кеткенин чыдамсыздык менен күткөн аял босогону аттап, тиги бурчтан айланып кетери менен баланын үстүндөгү жаңы кийимдерди сыйрып алат. Ошол боюнча ал кийимдер каякка кеткени белгисиз. Наристеге баары бир. Ал атасы апкелген таттууларды маашырлана жеп алганга мүмкүнчүлүк болгонуна эле ыраазы. Алимбек түрмөдө төрөлгөн. Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүргөн деген айып тагылып, жыйырма жылдан ашуун убакытка эркинен ажыратылган апасы уулунун киндиги кесилери менен, таенесине карматкан. Көзү ачыла элек наристени койнуна катып, үйүнө жеткиче буркурап-боздоп барган чүкөдөй кемпир да бул дүйнөдө көпкө турган жок. Жаштыгы түрмөдө соолуру белгилүү кызынын күйүтү аны мертинтип койду. * * * Алимбек таттуу жеген күнү Калпанын байбичеси Атыр өзүн коерге жер таппай, кабагынан заар бүркүлүп, абышкасын күтөт. Ал ушул күнү Калпа дагы бир жылга карып келерин, пенсиясынын бир тобун болбогон шылтоолор менен ага карматпастыгын да жакшы билет. Айыл ичинде “ак байбиче” аталган Атыр өмүр бою абышкасына түйүлгөн кабагын көрсөткөн эмес эле. Бирок, төрт жылдан бери анын кыялы өзгөргөн. Мурдагыдай жарык кабагы менен тосуп алып, ысык чайын сунуп туруучу зайыптын жүрөгүнө муштумдай муз тонуп, албуут аялга айланган. Эх десең… Аппак жүзүнө куп жарашкан, бадырайган көздөрү токтоо тиктеген Атырдын үй тиричилигинен да кемтик табуу мүмкүн эмес болчу. Пиалалары ар дайым жаңы дүкөндөн келгендей жаркырап,качанкы отуз жыл мурда алган чара-чайнектеринин кенедей сыры ыргыган жери жок эле. Үйү мизилдеп жаңы акталып-сырдалгандай. Тамактанаарда жайылган крахмалданган тасмалында кенедей так жок, кудум мейман күтүп жатышкандай тордомо майлыктары дайын, биринчи, экинчиси сөзсүз берилчү. Жада калса токсонунчу жылдардагы каатчылыкта сандыгын ачса француз атырынан баштап, бухаранын атлесине чейин табылган сарамжал байбиче өмүр бою жетекчилик кызматтарда иштеди. Жетекчиликти аркалаган аялдардан айырмасы — үйүнө келгенде анын бир айылды бийлеген актив экени унутулчу. Күн сайын көйнөк алмаштырган эри кийим шкафты ачканда ар дайым көйнөктөрүнүн, шымына өңдөш байпактарынан бери үтүктөлүп даяр турганынан көнгөн. Бирге өмүр сүргөн кырк жыл ичи бир өйдө башын көтөрүп, катуу айтпаган аялы ага толугу менен баш ийип бергени менен Калпа анын астында өзүн эч качан эркин сезе алган эмес, экзамен тапшырган сыяктуу сезимде боло берер эле. Буга Атырдын тектүү…