06:44
1,0×
00:00/06:44
19,3K просмотров · 3 года назад
<a href="https://kyrgyzcha.site">KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.</a><a href="https://kyrgyzcha.site/?p=56926&preview=true">КАРТ АЯЛ МЕНЕН ЖАШ АЯЛ</a>. Улгайган аял менен жаш аял маңдай-тескей чай ичип олтурушту. Ооба, бири улгайган, экинчиси жаш. Булардын курагы да, тагдыр жолдору да, турмуштан алган энчилери да бири бирине окшобойт. Бир дасторкондо олтургандары менен ой-санаалары эки башка. Жаш аял эртерээк ичип бүтүп, дасторконду жыйнаштыра коюп, караңгы кирип кете электе үйгө жетсем болот эле деп ичинде тынчы кетип олтурду. Күйөөсү да жумушунан келип калгандыр. Балдары мектептен эмгиче келишти. Кичүүсү ыйлап калбады бекен? Күйөөсү аны көтөрүп алып сыртта жол карап жүрөт го… А тиги улгайган аял эч кайда шашпайт. Өз үйү. Үй кызматчысы Наркүл менен шашпай чай ичип , алаксып убакытты өткөргүсү келет. Ага убакытты өткөрүү кыйын да. Айрыкча кечиндеги сааттар үстүңдөн басып тургансып жылбайт. Азыр Наркүл кетип калса эле тунжураган үйдө жалгыз калат. Аялдын аты – Рабия. Жашы алтымыштан эбак өткөн. Чачы куудай ак, толугунан келген, үнү жоон, мүнөзү эркек сыяктанган бул аялга убагында Рабия Нуртаевна дешип жапырт кошомот кылып турушчу. Анда совет доору күчүндө турган маал. Ал ошол учурда Республикалык керек-жарак союзунун председатели болуп көп жылдар иштеген эле. Жаш эле, анда ичкерээк да, сулураак да болчу. Потребсоюздун ак волгасында чалкалап, ийилип салам айткандардын кээсин укса, кээ бирлерин карабай деле койчу. Ал учурда андан өткөн кадырлуу адам бар беле? Анын алдына ким гана иши түшүп келбеген? Ал көбүнчө өзүнө пайдасы тие турган керектүү адамдар менен мамиле түзчү. Ошого жараша мамилелердин кайтарымы болуп турчу. Мына бул хан сарайдай заңгыраган эки кабат үй ошол жылдарда салынган. Ал убакта мындай үйлөр бирин-экин гана чоңдордо болбосо, кайдан? Үй эмеректеринин баары чет элдики болоор эле. Жалгыз башына мынча чоң үйдү эмне кылат дешип элдин көбү сөз кылышкан. Рабия Нуртаевна кызматтан, сый-урматтан, материалдык байлыктан эч бир өксүү болгон жок. Бирок жеке турмушундагы чоң кенемтеси – үй бүлөө күтпөдү. Балалуу болбоду. Ооба, ал жаш күнүнөн эле активист эле. Институтту бүткөндөн кийин комсомолдук иштерде жүрүп, анан партиянын катарына өтүп, жаш комму- нист катары кызматтын тепкичтеринде көтөрүлдү. Акыры кызмат орундар ага кумар болуп калды. Учурунда ага сөз салган жигиттер деле болгон. Кийинчерээк, отуздан өткөн чагында деле колун сурагандар болду. Бирок өзү ынаган эмес. Күйөөгө чыкса, бала төрөсө кызматы эмне болот? Ал иштей турган орунду башкалар ээлеп кетпейби?! Ошентип жүрүп жылдар бат эле өттү. Кыркка келди. Анан элүүдөн да өттү. Аңгыча советтик доор кулады. Баш-аламан турмуш келди. Кимди ким көрдү болду. Кызматың да, келечек ойлоруң да жаңы турмуштун агымына жутулуп кетти. Керек-жарак союзу эми эч кимге керек болбой калды. Ошол жылдар Рабия Нуртаевна үчүн абдан оор учур болду. Үйгө олтуруп калды. Анысы аз келгенсип тепкичтен буту тайып жыгылып, жамбашын сындырып алды. Жарым жылча төшөктө жатты. Кийин да жөнүгө албай, акыры таяк менен басып калды. Ойлоп көрсө кесиптештерге, курбу-курдаштарга ал тургай бир туугандары- на да ынак боло албаптыр. Баарына эле кызматкер катары ат үстүнөн мамиле жасаса керек. Ушундайда ал-жайын сураар жакын адамдары деле жок экен көрсө. Баягы кошомотчылары дайын-оту жок кетишти. Көрсө кээ бир адамдар кызматы менен гана учурунда барктуу сымал көрүнөт тура. Рабия Нуртаевна ошондо гана өзүнүн жеке турмушу жөнүндө ойлоно баш-тады. Эми ушинтип кызматтын урматын көргөн күндөр бүтүп, чогулткан дүнүйө-мүлкүн тиктеп ээн үйдө олтуруп калабы? Кантип эле? Жок, ал өзүн колго алып, сырттагы жаңы турмушту байкаштырып, чогулткан акчасын тобокел деп бизнеске салды. Бизнес дегендей жанын үрөп деле чуркап иштебейт. Болгону шаардын чок ортосундагы үч-төрт имаратты менчикке чыгартып алды да, ичи-тышын кынтык- сыз ремонт жасатып туруп, ишкерлерге кайра ижарага берди. Ошол жылдардан ушул күнгө чейин ижара акы менен ханга салам бербей жашап келатпайбы. Бирок акчасы курусун. Жалгыздыгы…
<a href="https://kyrgyzcha.site">KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.</a>—<a href="https://kyrgyzcha.site/?p=51120&preview=true">Жашоонун татаалдыгын кеч түшүндүм</a>. Мен чындыгы өз наристемден кечейин деген оюм жок эле. Бирок, турмуш ары бери калчап, куру намыстын айынан өз наристемден кечип, балдар үйүнө таштап кеттим-деп сөз баштады каарманыбыз. -Мен анда 20 жашка толуп турган убагым. Келбетим көптү суктанткан, жаштыгымдын алтын доору эле. Шаардык кыз болгонум үчүн айылдык жигиттерди капарыма илчү эмесмин. Ошондой кундөрдүн биринде узун бойлуу, токтоо мүнөздүү бир айылдык жигит менен таанышып калдым. Ал мени жактырып калганын ачык эле айтып, артыман калбай ээрчип алды. Өзү бай жердин уулу болгондуктан, дайым менин каалаганымды оорундатып жүрдү. Мен анын байлыгына кызыгып, турмушка чыгууга бел байладым.  Ошентип, кыз-жигитке айландык.  Анын мага берилип жасаган мамилеси акыркы күндөрү ойго сала баштады. А менин оюмда ага турмушка чыгып, шаардан үй алып аны менен жашоо эле. Ойлорум орундалды. Баары мен каалагандай болду. Бирок, мен күйөм менен жашагым келбей калды. Эмнегедир боюма бүтүрсөм, мага үйдү таштап кетет деген ойдо жүрдүм. Жөнү жок чыр салып, уруш кыла бердим. Жолдошум  мыкты адам эле менин кылыктарымды 2 жыл көтөрдү.  Жыйынтыгында ал арыктап, чүнчүп адамдардан алыстай баштады. А менин максатым ажырашып, үйдү алып калуу эле. Тилекке каршы боюма болбоду. Бир күнү каттуу жаңжал чыгарып,  үйдөн чыгып кетишин талап кылдым. Жолдошум унчукпай туруп, чемоданыма кийимдеримди салып үйдөн түртүп чыгырып салды. Жалдырап ыйлап, жалынсам да болбоду. Бир ооз да сүйлөбөдү.  Арга жок үйүмө барсам апам урушуп кайра жөнөттү. Келсем үйдүн ачкычы алмаштырылган, эч ким жок. Ошол бойдон бир ай дайынсыз жоголду. Айылга барсам да кайын-журтум “кел” дегенге араң жарады. Ошондо колумда турган бакытты кармай албаганымды түшүндүм.  Айласыз апамдын үйүндө жашап, иштей баштадым. Иштеген  жеримде мен курактуу кыздар көп болгондуктан, тез эле аларга аралашып кеттим. Жумуштан кийин чогулуп ичимдик ичебиз. Түн бир маалда үйгө барам, кээде барбай калам. Сулуулугум арбалган эркектерде пайда боло баштады. Акырындап ошол жашоого көнүп бараттым. Бир күнү мас отурган жеримде жолдошум келип, ажырашуу үчүн сотко барышым керектигин курбуларымдын алдында айтып чыгып кетти. Ошол күндөн тарта жолум бошоп, каалагандай жашай баштадым. Ал тургай сотко да бир сүйүктүүм менен  бардым.  Эч маселесиз ажырышып отуруп калдым. Ишим жакшы болуп, өзүмдү бактылуу сезе баштадым. Өзүм каалаган жашоо жана өзүм каалган шаардык эркектер менен жүрөм. Ажарашканыма 6 ай болгондо күйөм келип, жарашып жашайлы деди. А мен  аны карагым да келбеди… Көп өтпөй боюмда бар экенин билдим. Ал эми менин көңүлдөшүмө бул кабар жага бербеди. Ачыгы ишенбеди мага. Аны менен тартышып жүрүп убакыт өтүп кетип, алдырууга болбойт калды.  Айла жок бир батирден чыкпай жатып, врачтарды үйгө жалдап келип  кыз төрөдүм. Эми аны жок кылуунун айласын издей баштадым. Аны да таптым. Кеч киргенде балдар үйүнүн алдына таштап койдум. Эртеси эле шаарга дүң болуп маалымат каражаттары жарыялап жатышты. А мен акылсыз кутулганыма кубандым. Кайрадан адаттагыдай жашоо башталып, айланамды эркектер ээлей баштады. Бирок, бул жашоо көпкө созулган жок. 10 жылдай убакыт өттү. Кызымдын кусурубу же жолдошумдун убалыбы  айтор, мага чындап үйлөнмөкчү болгон эркек жолукпады. Бир бөлмөлүү батирде, ишке барып-келип жашап калдым. Жалгыз калган сайын кызымды эстеп миң азап тарттам, жок дегенде бир жолу бетинен сүйбөгөнүмдү ойлоп, арман менен жашап жүрдүм. Бир күнү балдар үйүнө барсам менин кызым менен жашташ бир канча кыздар жүрөт, жетекчи менен ачык эле сүйлөштүм. Бирок, ал кыз  жок экенин айтты. Жок дегенде атын коюп, бир белги коюп койсом эмне?  Ошол күндөн тарта кызымды каттуу ойлоп, журөгүм ооручу болду. Мен акмакты кудай кечирбейт билем. Бирок, кызымды бир эле жолу көрүп, жыттап алсам гана! Менин акылсыздыгым ай! Мындай жашоо болбойт деп  балдар үйүнөн 12 жаштагы баланы багып алдым. Ариетим абдан…