62 прочтения · 5 лет назад
Дисней-уулу. Для кого снимают киргизские мультфильмы и где их можно посмотреть
Кадр из трейлера к мультфильму «Эр-тоштук» Если страна не богата природными ресурсами, развиваться она может за счет так называемой креативной экономики, одним из направлений которой во всем мире становится анимационная индустрия...
06:44
1,0×
00:00/06:44
13K просмотров · 3 года назад
<a href="https://kyrgyzcha.site">KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.</a>Мен бул күндөлүктү үч күндө окуп чыктым,жазган адам жашоодон тайып кеткен бутун тартып алгыча, өзү үчүн күйгөн адамдын кадырына жете билгенче,ал кеч эстеген адамдын өмүр сызыгы соңуна чыгып кеткенине ичим ачышып турду…Тирүү кезде неге сыйлап ала албады экен,мүмкүн, жашоо башка нукка түшмөк беле? Өтө кечигип кечирим сураптыр,өмүрүндө айтпаган жакшы сөзүн айтыптыр,албетте,өз башына мүшкүл түшкөндө гана…Күндөлүк менин колума анын карындашы аркылуу тийди,алгач каршы болдум,ал байкеңден уруксаат болбосо,оңдой да,жарыялай да албайм деп …Ал күндөлүктү азыр жазбай калганын,өзү колу менен тапшырып,окусаң, өрттөсөң өзүң бил дегенин угуп, аны бир аз оңдоп,бирок,маанисин өзгөртпөй кагаз бетине түшүрдүм.Жазылган убактысы баары бирдей, эрте мененки 6 . 40 деп коюлуптур, демек,жан дүйнө көп түйшөлүп,көп азап тартып,анан да,соолуккан кезде жазылган…   <a href="https://kyrgyzcha.site/?p=55637&preview=true">Периштем</a>!Сенин мен үчүн күйүп айткандарыңды неге укпай койдум экен деп,өзүмдү жемелеп келем,жашоом сен айткандай болуп жатканы мени таң калтырды.Көрсө,сен жөн гана мээнеткеч аял эмес,даанышман ,акылдуу да жан экен элең. Ооруп жүргөнүңдөн улам менден мурда акыретке кетээриңди билдиң бекен, менин сенин кадырыңа кеч жетээримди да сезген экенсиң.»Жок дегенде балдарыңа сыйлуу болчу ,мени сыйлабады деп деле капа болбойм, бирок,кайсы бир күн кадырыма жетесиң ,сен жеткен кезде ,мен бул жашоодо жок болуп калышым мүмкүн» деген сөзүң кулагыма жаңырып ,ичимди өрттөп келет.Менин азаптуу жашоом сенин көзүң өткөндөн кийин эки жумадан соң башталды.Өз балама,өз үйүмө ,ал тургай жаман-жакшыны ылгай элек небереме да өгөй боло баштадым,чынын айтсам,өзүмө өзүм да жакпай турдум.Ооба,сен айткандай актана да,уруша да албай,таарына да албай турган абалдамын.Сен мен үчүн коргоочу да,актоочу да,күйгөн да жан экениңди кечигип сезип жатам.Не деген жан элең,бир ооз жаман сөз айтпадың, азыр эстесем,күйүп кетем, өрттөнүп кетем.Сага канча жолу колум тийди,бир да жолу таарынбадың, балким,таарынычың ичиңде кеткендир. Сөзүңдөн да,ишиңден да кемтик таап,жакшы сөз деле айтпаган экенмин.»Мага чала ,азыркы күнүм » деп, өзүмдү-өзүм жемелеп алам.«Балдарыңа тарбия бербесең, өзүң минтип жүрсөң,кийинкилиги кандай болот экен,ичкенди токтотчу куракка деле жеттиң,кичине ойлонуп иш кылсаң» деген сөзүңдү оор көрүп,»Жакшы күйөө таап ал,мен жаман болсом » деп,сабаганым азыр өзүмө токмок болуп тийип жатат.Балам таарынычы таркай элек,унчукпайт.Сага колум тийген сайын,мени жек көрө карап ,сени алачалап турчу эле,катуу сөз айтса, сен тыйып койчусуң, » Жаман болсо да атаң ,өз ишиңди кыл,балам,атаң соо болгондо, айыбын сезет, дайым кечирим сурайт » деп койчусуң. Мен каякта сурайм,көрсө,атасын сыйлап жүрсүн дегениң экен.Аны азыр түшүнүп жатам.«Апамды кордоп жүрүп ,сиз оорулуу кылдыңыз, сиз түбүнө жеттиңиз » деп,ичиндеги бугун чыгарып ыйлап алды, балаң түшкүр, ошончо нерсени катып жүргөн тура.А мен эмнеме көөп жүрдүм экен…Балам катары жакшы сөз да айтпаган экенмин,бир нерсе алып да бербептирмин,эмне керек экенин сураганэмес экенмин…Баарын айтты ,баары чындык …Алгач кыйкырдым адатымча:«Мен деген атаң болом,кантип мени менен айтышасың ,акылың жок болуп калган экенсиң, сени ким айтат ,бала деп,жада калса,жат болсо да,улуу кишиге каяша айтпайт ,эгер билгиң келсе» деп,тапкан сөзүмө корстон болуп турдум,тарбиялап койдум деп…—Ушул акылды мен кичине кезде айтсаңыз болмок ,өтө кечигип уктум акылыңызды, ата !(Ата деген сөзгө басым жасап айтты)Сизге баш көтөрбөйм, акым да жок ,бирок, сиздин тарбияңызга суусап жүргөн убакта биз менен ишиңиз да болбогону өкүнүчтүү ,апамдын оорулуу болуп калышына сиз себепкер деп жүргөнүмдү жашырбайм ,жакшы мамилеңизге, жакшы сөзүңүзгө суусап жүрүп ,өтүп кетти. Сизди башка балдардын атасына салыштырып алып ,балалык жек көрүүм кичинемден эле башталган.Мени эки жолу катуу тарбияладыңыз, али эсимден чыга элек.Эсиңизде болсо керек, биринчисинде чогултуп койгон арактын бөтөлкөсүнөн…