Найти в Дзене
27 подписчиков

KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.MediaTurmush — Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаада бара жаткан адамга ок аткан шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка караганда, 2023-жылдын 30-августуна караган түнү саат 00:30 чамасында «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы Н.С. аттуу жаранга «Хендай Гетс» үлгүсүндөгү унаа менен келген белгисиз адамдар бир нече жолу ок аткан. Анын кесепетинен Н.С. денесинен оор жараат алып, Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган.Аталган факты 30-август күнү Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБдин, Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлдөрү жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан шектүү катары Сузак районунун тургуну — 1995-жылы туулган Б.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.Учурда опузалап талап кылуу беренеси боюнча дагы тергөө амалдары жүрүп жатат.Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.The post Сузакта унаада бара жаткан жигитти атып кетишкен appeared first on KYRGYZCHA SITE.


1 минута