27 подписчиков
KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.Turmush — Ноокат районунун Токтомат Зулпуев айыл аймагындагы Кашкалдак айылында жаңы мамлекеттик бала бакча ачылды.Тургундардын айтымында, бала бакчага Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) атасы Азим Нарматовдун ысымы берилди. Бул бала бакчанын курулушу 8 жылда аяктады.Аталган айыл өкмөттүн башчысы Данияр Тажибавдин маалыматы боюнча, бала бакчанын курулушу республикалык бюджеттен каржыланды. Курулуш иштерине 43 млн сом жумшалды.«Кашкалдак айылында кечээ, 3-сентябрда бала бакча ачылды. 2014-жылы долбоору даярдалып, республикалык бюджеттен каржыланган. 2015-жылы курулуш иштери башталып, биринчи кабаты бүтүп, ошол боюнча 5 жыл курулушу токтоп калган. 2022-жылы курулуш иштери кайра жанданып, каражат бөлүнгөн. Быйыл толук бүтүп, пайдаланууга берилди. Бала бакча 120 орунга ылайыкталган. Жалпы сметалык баасы 47 млн сомду түзөт. Жергиликтүү бюджеттен 1 млн 500 миң сом бөлүндү», – деди Тажибав.Жаңы бала бакчада жакын жайгашкан Кашкалдак жана Чүчүк айылдарындагы балдар да тарбияланат. Кашкалдак айылында 590, Чүчүк айылында 432 кожолук бар.Айыл өкмөт башчы бала бакчага депутат Надира Нарматованын атасынын аты берилгени тастыктап, бул маселе буга чейин жергиликтүү кеңеште талкууга коюлуп, колдоо тапканын айтты. Жергиликтүү кеңешке айыл тургундарынан сунуш түшкөн, көпчүлүк депутаттар макул болгон.Бала бакча Азим Нарматов Кашкалдак мектепке чейинки билим берүү мекемеси болуп аталды.Азим Нарматов өмүрүнүн акырына чейин мугалим болуп иштеп, 48 жашында каза болгон.Буга чейин аталган айылда 80 бала тарбияланган бала бакча болгон.Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.The post Ноокатта курулушу 8 жылга созулган бала бакча пайдаланууга берилди appeared first on KYRGYZCHA SITE.
1 минута
4 сентября 2023