18 подписчиков
Орусиянын Мусулман Дин Башкармалыгынын орун басары Дамир Мухаммединов өзүнүн кабинетине Ильдар Акжигитов деген сүрөтчүнүн КАЛКА салгылашуусунун сүрөтүн илип койсо, бир нече нацистик уюмдар Дамир мырзаны русофоб, вахабит деп ар кайсы ыпылас сөздөр менен тилдеп жатышат. Бул тарыхый сүрөттө Калка дарыясынын жээгинде болгон согуштун жыйынтыгы сүрөттөлгөн, 1223 жылы Орустардын Князьдарын Түрк Монгол аскерлери утуп тирүү колго түшкөн Орус Князьдардын үстүнө калкандарды жайып Түрк Монгол баатырлары Беш бармак жеп той кылып отурганын көрсөңөр болот. Орусиянын акыркы учурда күчөп жаткан нацистик идеологияга каршы келген сүрөт көптөгөн орус пропогандистердин кыжырына тийип жатат. Жакын арада Дамир мырзаны ФСБ жалган иш менен айыптап түрмөгө отургузуп салса эч таңгалбайм.
Около минуты
17 февраля 2025