Найти тему
21 подписчик

Накыл Сөздөр 27


1Эртеңки күн менен мактанба, анткени эртеңки күнү эмне болорун билбейсиң.

2Сени өз оозуң эмес, башка бирөөнүн оозу мактасын. Сени өз тилиң эмес, бөлөк бирөөнүн тили мактасын.

3Таш оор, кум да салмактуу, бирок акылсыздын ачуусу экөөнөн тең оор.

4Каар катаал, жаал тыйылгыс, бирок кызганчаактыкка ким туруштук бере алат?

5Жашыруун сүйүүгө караганда ачык айтылган ашкере жакшы.

6Сүйгөн адамдын жемеси чын жүрөктөн чыгат, жек көргөн адамдын өбүүсү жалган.

7Курсагы ток адам балды да тебелейт, ачка кишиге ачуунун баары таттуу.

8Өз жерин таштап кеткен адам уясын таштап кеткен канаттуудай.

9Жыпар жыттуу майлоочу май жана түтөтүлүүчү зат жүрөктү кубантат, адамга досунун чын жүрөктөн берген кеңеши да ошондой жагымдуу.

10Өз досуңду да, атаңдын досун да таштаба. Башыңа мүшкүл түшкөн күнү бир тууганыңдын үйүнө барба, алыстагы бир тууганыңдан жаныңдагы кошунаң артык.

11Уулум, акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант. Ошондо мага жаман сүйлөгөн адамга жооп бере алам.
Накыл Сөздөр 27  1Эртеңки күн менен мактанба, анткени эртеңки күнү эмне болорун билбейсиң. 2Сени өз оозуң эмес, башка бирөөнүн оозу мактасын. Сени өз тилиң эмес, бөлөк бирөөнүн тили мактасын.
Около минуты