Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Садыр Жапаров Талас облусунун өнүгүү пландары менен таанышып чыкты

Президент Садыр Жапаров 13-ноябрда Талас облусунда болуп, аймактын өнүгүү пландары менен таанышып чыкты. Аймактагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр жана жашоочулардын турмушун жакшыртууга багытталган долбоорлор тууралуу маалымат алды. Ошондой эле, облусту өнүктүрүү үчүн 1 миллиард сом бөлүнүп, инфраструктураны жакшыртуу, билим берүү жана суу менен камсыздоо тармактарында бир катар иштер аткарылып жаткандыгы маалымдалды. ‹› 🏗️ Талас облусунун өнүгүүсү боюнча жаңы пландар. 🚧 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Талас облусунун өнүгүү пландары менен таанышып, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду карады. 🏭 Облусунда ушул жылы асфальтбетон, темирбетон жана майдалоо заводдору курулду. Келечекте фасольди кайра иштетүү боюнча экспортко багытталган завод куруу пландалууда. 💧 Инфраструктураны жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Стабилизациялык фондунан 1 миллиард сом бөлүндү. Талас шаарында 28,5 км ички

Президент Садыр Жапаров 13-ноябрда Талас облусунда болуп, аймактын өнүгүү пландары менен таанышып чыкты. Аймактагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр жана жашоочулардын турмушун жакшыртууга багытталган долбоорлор тууралуу маалымат алды. Ошондой эле, облусту өнүктүрүү үчүн 1 миллиард сом бөлүнүп, инфраструктураны жакшыртуу, билим берүү жана суу менен камсыздоо тармактарында бир катар иштер аткарылып жаткандыгы маалымдалды.

-2

‹›

🏗️ Талас облусунун өнүгүүсү боюнча жаңы пландар.

🚧 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Талас облусунун өнүгүү пландары менен таанышып, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду карады.

🏭 Облусунда ушул жылы асфальтбетон, темирбетон жана майдалоо заводдору курулду. Келечекте фасольди кайра иштетүү боюнча экспортко багытталган завод куруу пландалууда.

💧 Инфраструктураны жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Стабилизациялык фондунан 1 миллиард сом бөлүндү. Талас шаарында 28,5 км ички жолдор асфальт менен капталды, 54 км жөө адамдар үчүн тротуарлар курулду.

💦 Шаарды сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн 2000 кубометр көлөмүндөгү суу сактагычтын курулушу аяктап жатат. Ошондой эле, облус боюнча суу менен камсыздоо маселелерин чечүү боюнча иштер улантылууда.

🏫 Талас мамлекеттик университетинин беш кабаттуу кампусунун, 900 окуучуга ылайыкталган мектептин жана жети бала бакчанын курулушу башталды. Мындан тышкары, Мамлекеттик ипотекалык компания 310 батирден турган турак жай комплексин курууну улантууда.