Тогуз-Торой районунда «Полька» сортундагы малина отургузулду. Жер участогунун аянты 0,50 га, максаты - фермерлердин кирешесин жогорулатуу. Топурак анализден өтүп, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Проект инновацияларды киргизүүгө жана фермерлерди колдоого багытталган. 🍇 Тогуз-Торой районунда «Полька» сортунда малина отургузулду. 🌱 Бакыт уулу Омур 0,50 гектар жерге малина отургузуп, «30+20+10» долбоорунун алкагында иш алып барууда. 🔬 Жердин абалын аныктоо жана өсүмдүктөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, адистер жер үлгүлөрүн алып, лабораториялык анализге жөнөтүштү. 🛡️ Участок толугу менен тосулган, бул болсо себилген өсүмдүктөрдү тышкы таасирлерден жана жаныбарлардан коргоого мүмкүндүк берет. 🌾 «30+20+10» долбоору айыл чарбасына инновацияларды киргизүүгө, региондордо өндүрүштү кеңейтүүгө жана фермерлерди колдоого багытталган.