Бишкекте, 31-октябрда «Сейтек СТЕМ» мектебинде окуучулар жана мугалимдер арасында массалык тамак-аш уулануу учурлары катталды. 84 адам жабыркаган, алардын 10 баласы жана 2 чоң адам ооруканага жаткырылган. Уулануунун себеби катары 31-октябрда мектептин ашканасында берилген шаурма белгиленген. Санитардык текшерүүлөр жүргүзүлүп, мектеп ашканасынын иши убактылуу токтотулган. 🚨 Бишкекте мектеп окуучулары жана мугалимдер арасында тамактан уулануу фактысы катталды. 🥴 31-октябрда «Сейтек СТЕМ» жеке мектебинде 84 адам ууланган, алардын арасында 4 мугалим бар. 🏥 79 адам республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына, 5 адам жеке медициналык борборлорго кайрылышкан. 👶 Учурда 10 баланын жана 2 чоң адамдын абалы оор, калган 72 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. 🥗 Уулануунун алдын ала диагнозу — такталбаган этиологиядагы бактериялык уулануу. 🔍 Окуянын себеби 31-октябрда мектептин ашканасында берилген шаурма болуп саналат. 🚨 Алгачкы белгилер — кусуу, ич өткөк, ич оору жана алсыздык там