Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ЕБРР вице-президенти Маттео Патроне менен жолугушуп, энергетика, инфраструктура жана жеке секторду колдоо боюнча долбоорлорду талкуулады. ЕБРРдин мындан аркы өнөктөштүгүн бекемдөө жана артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташуу ниети белгиленди. 🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) вице-президенти Маттео Патроне менен жолугушту. 🔋 Жолугушууда энергетика, инфраструктура жана жеке секторду колдоо сыяктуу негизги тармактарда эки тараптуу кызматташтык маселелери жана артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу перспективалары талкууланды. 📈 Адылбек Касымалиев ЕБРРдин Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш экенин жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошконун баса белгиледи. Учурдагы жылдын тогуз айында ИДП 10% өскөндүгүн жана 2030-жылга чейин ИДПнын көлөмүн 30 миллиард АКШ долларына жеткирүү максатын койгонун айтты. 🏗