Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Айрым категориядагы жарандарга гана «Манас» аэропортуна убактылуу кирүүгө уруксат берилет

«Манас» аэропортундагы оңдоо иштерине байланыштуу терминалга унаалардын кирүүсү убактылуу чектелди. Кирүү укугу кары-картаңдарга, балалуу энелерге жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга берилет. ✈️ Бишкек шаарындагы “Манас” эл аралык аэропортунда убактылуу оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, негизги терминалга автоунаалардын кирүүсү чектелди. 🚗 Унаалар жүк терминалына бурулуп, 500 метр аралыкта токтотулат. Бул чектөөлөргө байланыштуу, терминалга кирүү укугу белгилүү топторго гана берилет: улгайган адамдар, кичинекей балдары бар энелер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана олуттуу саламаттык көйгөйлөрү бар адамдар. 🍔 Аэропорттун кире беришинде тамак-аш жана суусундуктар сатылуучу пункттар уюштурулат. Ошондой эле, жамгыр же кардан коргой турган жабык күтүү зонасы каралган. ⏱️ Эки жуманын ичинде терминалга жакындоо аралыгы 300 метрге кыскартылат, бул жүргүнчүлөрдүн аэропортко тезирээк жана ыңгайлуу жетишине шарт түзөт. 🙏 Аэропорттун жетекчилиги

«Манас» аэропортундагы оңдоо иштерине байланыштуу терминалга унаалардын кирүүсү убактылуу чектелди. Кирүү укугу кары-картаңдарга, балалуу энелерге жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга берилет.

✈️ Бишкек шаарындагы “Манас” эл аралык аэропортунда убактылуу оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, негизги терминалга автоунаалардын кирүүсү чектелди.

🚗 Унаалар жүк терминалына бурулуп, 500 метр аралыкта токтотулат. Бул чектөөлөргө байланыштуу, терминалга кирүү укугу белгилүү топторго гана берилет: улгайган адамдар, кичинекей балдары бар энелер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана олуттуу саламаттык көйгөйлөрү бар адамдар.

🍔 Аэропорттун кире беришинде тамак-аш жана суусундуктар сатылуучу пункттар уюштурулат. Ошондой эле, жамгыр же кардан коргой турган жабык күтүү зонасы каралган.

⏱️ Эки жуманын ичинде терминалга жакындоо аралыгы 300 метрге кыскартылат, бул жүргүнчүлөрдүн аэропортко тезирээк жана ыңгайлуу жетишине шарт түзөт.

🙏 Аэропорттун жетекчилиги убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жүргүнчүлөргө жана конокторго түшүнүү менен мамиле кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирет. Бардык иштер аэропорттун инфраструктурасын жаңыртуу программасынын алкагында жүргүзүлүп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.