Базар-Коргон районунда 100 миң тоок багууга ылайыкталган ири канаттуулар фабрикасы курулууда. Долбоор үч этапта ишке ашырылып, 2026-жылга чейин толук кандуу пайдаланууга берилет. 🐔 Жараке айылында 100 миң тоок багууга ылайыкталган ири канаттуулар фабрикасы курулууда. 💰 Фабриканын жалпы сметалык баасы 185 миллион сомду түзөт, ал эми бүгүнкү күнгө чейин 105 миллион сомдук иштер аткарылган. 📅 Эксплуатация үч этапта жүргүзүлөт: 2025-жылдын май айынан баштап 31 миң тоок өстүрүлө баштаган, октябрь айында дагы 31 миң тоок кошулат, ал эми 2026-жылы эт багытындагы канаттууларды өстүрүү пландалууда. 🌾 Май айынан тартып ишке кирген комбикорм өндүрүүчү цех да курулган, анда иштегендердин орточо айлык акысы 30 миңден 50 миң сомго чейин. 🔍 Бул долбоор аймактагы экономикалык өнүгүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө чоң салым кошот.
Бакыт Торобаев Базар-Коргон районундагы ири канаттуулар фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
23 октября 202523 окт 2025
~1 мин