Кыргызстандык окуучулар Stars of Informatics 2025 олимпиадасынан 5 медаль жана 3 ардак грамота утуп алышты. Олимпиадага 11 өлкөдөн 120дан ашуун окуучу катышты.
🎉 Кыргызстандын окуучулары 2025-жылы өткөн Stars of Informatics эл аралык информатика олимпиадасында беш медаль жана үч ардактуу грамота утуп алышты.
🏆 Олимпиада 17-19-октябрда онлайн форматта өтүп, ага 11 өлкөдөн 120дан ашуун окуучу катышты.
🥇 Рамазан Мананов “Сейтек STEM” мектебинен алтын медаль алды.
🥈 Абдуллахан Абдирасулов “Сейтек STEM” мектебинен күмүш медаль ээси болду.
🥉 Бронза медалдарын Саид Джаникеев (“Сейтек STEM”), Ахмад Алахунов (“Кут Билим” окуу-тарбия комплекси) жана Актан Мавлянов (“Intellect Pro School”) утуп алышты.
📜 Ардактуу грамоталар Бектен Абдувалиев (“Ош International School”), Эмирхан Сыдыкбаев (“Газпром Кыргызстан”) жана Азирет Исраилов (“Intellect Pro School”) окуучуларына ыйгарылды.
🌟 Бул жетишкендиктер Кыргызстандын билим берүү системасынын өсүп жаткандыгын жана жаш таланттардын эл аралык деңгээлде ийгиликтерге жетишип жаткандыгын көрсөтүүдө.