Либерал-демократиялык партиянын лидери Санаэ Такаити Япониянын биринчи аял премьер-министри болуп шайланды. Ал 64 жашта, консервативдүү көз караштары менен белгилүү жана Жапониянын күчүн бекемдөөгө умтулат. 🇯🇵 Япониянын тарыхында биринчи жолу аял премьер-министр болуп шайланды. Либералдык-демократиялык партиянын лидери Санаэ Такаити парламенттин эки палатасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында бул кызматка дайындалды. 👩💼 64 жаштагы Такаити Япониянын 104-премьер-министри болуп калды. Ал буга чейин экономикалык коопсуздук министри болуп иштеп, консервативдүү жана оңчул көз караштары менен белгилүү болгон. 🏛️ Такаити мурда Ясукуни храмын зыярат кылган жалгыз өкмөт мүчөсү болгон, бирок ЛДПны жетектегенден кийин ал храмды зыярат кылуудан баш тартты жана жеке каражатынан курмандык жөнөттү. 🛰️ Ал коопсуздук тармагында космос, кибермейкиндик жана радиоэлектрондук күрөш боюнча коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөнү жактайт. Ошондой эле, жогорку технологиялуу эки тараптуу өнөр жайларды өнүктүрүү