Сербияда 23 жашка чейинки спортчулар арасында дүйнөлүк күрөш чемпионаты башталды. Кыргызстандын атынан Куттубек Абдуразаков, Нурэл Дуйшонбеков, Артыкбек Алымбек уулу жана Нурболот Токтогонов катышат. 🤼♂️ Сербияда спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионаты башталды. 🇰🇬 Кыргызстандын атынан Куттубек Абдуразаков 63 кг салмак категориясында өзүн көрсөтөт. Алгачкы кармашында ал Өзбекстандын спортчусу Хусниддин Олимбоев менен беттешет. 🤼♂️ 77 кг салмакта Нурэл Дуйшонбеков Молдованын өкүлү Александр Соловей менен күч сынашат. 🏆 87 кг салмак категориясында Артыкбек Алымбек уулу биринчи айлампаны өткөрүп жиберет. Ал чейрек финалга чыгуу үчүн Румыниялык Патрик Гордан менен Россиялык Заур Шангереевдин жеңүүчүсү менен күрөшөт. 🇯🇵 130 кг салмакта Нурболот Токтогонов Япониялык Аюму Ивасава менен беттешет. ⏰ Алдын ала кармаштар Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.
Сербияда U23 дүйнөлүк чемпионаты башталды: Кыргызстандын балбандары таймашка чыгат
20 октября 202520 окт 2025
~1 мин