Бишкекте 20-25-октябрда 10-жолу эл аралык "Art-Ordo-2025" театр фестивалы өтөт. Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына жана драматург Мара Байджиевдин 90 жылдыгына арналат. Фестивальге Казакстан, Өзбекстан, Каракалпакстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын театр артисттери катышат. 4 жерде өтө турган иш-чарада 17 номинация боюнча бааланып, байге фонду 2 млн сомду түзөт.
🎭 Бишкек шаарында 20-25-октябрь күндөрү 10-жолу эл аралык “Art-Ordo-2025” театр фестивалы өтөт. Бул иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына жана кыргыздын улуу жазуучусу жана драматургу Мара Байжиевдин 90 жылдыгына арналган.
🌍 Фестивальге Казакстан, Өзбекстан, Каракалпакстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын театр артисттери катышат. Алар өз спектаклдерин көрсөтүшөт.
🎭 Иш-чаралар төрт жерде өтөт: Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында, Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз жаш көрүүчүлөр театры жана Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма жана сатира театрында.
🏆 Фестивалдын жюри курамына жогоруда аталган өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргызстандан беш мүчө кирет. Алар 17 номинация боюнча баа беришет. Жалпы байге фонду 2 миллион сомду түзөт.