Кыргызстандын Улуттук китепканасында 21-22-октябрда өтө турган эл аралык мастер-класста кыргызстандык жаштар уличный театрдын заманбап формалары жана дүйнөлүк тажрыйба менен таанышат. 🎭 Улуттук китепканада 2025-жылдын 21-22-октябрында «Көчө театрынын искусствосу: жаңы ыкмаларды жана дүйнөлүк тенденцияларды изилдөө» аттуу эл аралык театр мастер-классы өтөт. 🌍 Бул иш-чаранын максаты – кыргызстандык чыгармачыл жаштарды заманбап көчө театрынын формалары жана бул тармактагы алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбалар менен тааныштыруу. 🎭 Мастер-классты Польшанын «Сегизинчи күн» театрынын негиздөөчүсү, актер жана режиссер Адам Боровски жана маданият таануучу Йоланта Килиандар өткөрөт. 🕒 Сабактар саат 11:00дөн 14:00гө чейин өтүп, катышуучулар көчө спектаклдерин уюштуруунун принциптери, сахналык кыймыл, көрүүчүлөр менен түз байланыш жана жандуу перформанстарды түзүү жөнүндө маалымат алышат. 🎓 Программага теориялык лекциялар жана практикалык сабактар кирет. 🎭 Театр ишмерлери, режиссерлор жана маданий ую
Бишкекте көчө театры искусствосу боюнча эл аралык мастер-класс өтөт.
16 октября 202516 окт 2025
~1 мин