Күнүнө балдар үчүн ишеним телефонуна 200гө жакын чалуу түшөт. 2025-жылдын 9 айында 53,871 чалуу катталган. Чалгандардын 41,5% балдар, 58,5% чоң кишилер. Ишеним телефону 111 күнү-түнү акысыз иштейт. 📞 Кыргызстанда балдар үчүн ишеним телефонуна күнүнө орто эсеп менен 200 чалуу түшөт. 📊 2025-жылдын 9 айынын ичинде “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору 53 миң 871 чалууну каттады, бул күнүнө орто эсеп менен 1 миң 897 чалуу жана айына 5 миң 985 чалуу дегенди билдирет. 👥 Чалган абоненттердин ичинен 2 миң 95 адам консультация же жардам сурап кайрылган: 869 (41,5%) бала жана 1 миң 226 (58,5%) чоң киши. 📞 1 миң 498 чалууга телефон аркылуу консультация жана сунуштар берилген, 421 абонентке психологиялык колдоо көрсөтүлгөн, ал эми 176 кайрылуу мүнөзүнө жараша тиешелүү мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин компетенттүү аймактык бөлүмдөрүнө жөнөтүлгөн. 👫 Чалуулардын жынысы жана жашы боюнча статистикасы: эркектер – 326 (15,6%), аялдар – 900 (42,9%), балдар – 245 (11,7%), кыздар – 624 (
Балдар үчүн ишеним телефонуна суткасына 200гө жакын чалуу түшөт – Минсоцтруд.
27 октября 202527 окт 2025
~1 мин