Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

НПА долбоорлору жана эл аралык келишимдер боюнча лингвистикалык экспертиза стандарты иштелип чыгууда.

Жогорку Кенеште лингвистикалык экспертиза стандартын талкуулоо боюнча тегерек стол өтүп, мыйзам долбоорлорунун жана эл аралык келишимдердин сапатын жогорулатуу максатында бирдиктүү стандарт иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди. 📚 Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттары жана эл аралык келишимдери боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзүү стандарты талкууланды. 👥 Жогорку Кеңеште өткөн тегерек столго Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери, лингвисттер, филологдор, окумуштуулар жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. 📖 Алайбек Алымбаев мыйзам чыгаруу ишинде терминдерди бирдиктүү кылуу жана которууну жакшыртуу максатында өткөн жылы атайын жумушчу топ түзүлгөнүн белгиледи. 📝 271 мыйзам жана 16 кодекс талданып, 45 миңге жакын терминдер жана негизги түшүнүктөр изилденди. Учурда бул терминдердин кыргыз-орусча сөздүгү мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын Терминологиялык комиссиясында каралууда. 🔍 Жаңы стандарт мамлекеттик тилдин сапаттуу өнү

Жогорку Кенеште лингвистикалык экспертиза стандартын талкуулоо боюнча тегерек стол өтүп, мыйзам долбоорлорунун жана эл аралык келишимдердин сапатын жогорулатуу максатында бирдиктүү стандарт иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.

📚 Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттары жана эл аралык келишимдери боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзүү стандарты талкууланды.

👥 Жогорку Кеңеште өткөн тегерек столго Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери, лингвисттер, филологдор, окумуштуулар жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

📖 Алайбек Алымбаев мыйзам чыгаруу ишинде терминдерди бирдиктүү кылуу жана которууну жакшыртуу максатында өткөн жылы атайын жумушчу топ түзүлгөнүн белгиледи.

📝 271 мыйзам жана 16 кодекс талданып, 45 миңге жакын терминдер жана негизги түшүнүктөр изилденди. Учурда бул терминдердин кыргыз-орусча сөздүгү мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын Терминологиялык комиссиясында каралууда.

🔍 Жаңы стандарт мамлекеттик тилдин сапаттуу өнүгүшүн камсыздоонун реалдуу механизмдеринин бири болуп саналат. Бул стандарт парламенттин гана эмес, министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин ишинде да колдонулушу керек.

🗣️ Тегерек столдун катышуучулары нормативдик укуктук акттардын жана эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоодо бирдиктүү стандарттын зарылдыгын белгилешти.