Мексикада катуу жааган жамгыр, сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 47ге жетти. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга 5 миңден ашуун аскер жана куткаруучулар тартылды. 🌧️ Мексикада катуу жааган жаан, суу ташкындары жана жер көчкүлөрү натыйжасында каза болгондордун саны 47ге жетти. 📊 Өлкөнүн коопсуздук жана жарандарды коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, каза болгондор төрт штатта катталган. 👨🚒 Мексика президенти Клаудия Шейнбаум табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн 5 миңден ашуун аскер жана куткаруучуларды тарткан. 🍽️ Жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 10 миңге жакын азык-түлүк топтому жана 117 миң литр ичүүчү суу даярдалган. 🌧️ Борбордук Американын бардык аймагын катуу сезондук жаан-чачындар каптады, Гондурас президенти Сиомара Кастро өлкөнүн борбордук округунда өзгөчө кырдаал жарыялап, калкка жардам көрсөтүү жана куткаруу-кайра калыбына келтирүү иштерин уюштурду.