Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кыргызстандык параатлеттер Жапониядагы мелдештен байгелүү кайтышты

Японияда өткөн Asia Triathlon Para Championships & Para Cup мелдешинде кыргызстандык параатлеттер мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү. Гулназ Жузбаева алтын, Дастан Камчибеков күмүш, Жалалдин Абдувалиев коло медаль утушту. Ал эми Сезим Мейманбаева триатлон боюнча алгачкы катышуусунда эле күмүш медаль алды. 🎉 Кыргызстандын параатлеттери Японияда өткөн Asia Triathlon Para Championships & Para Cup мелдешинде мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү. 🥇 PTVI категориясында Гулназ Жузбаева алтын медаль тагынды. 🥈 Дастан Камчибеков PTVI категориясында күмүш медаль ээси болду. 🥉 Жалалдин Абдувалиев PTVI категориясында коло медаль алды. 🥈 PTWC категориясында Сезим Мейманбаева күмүш медаль жеңип алды. Бул анын триатлон боюнча алгачкы мелдеши болуп, дароо эле байгелүү орунга жетишти. 🏆 Кыргызстандын параатлеттери эл аралык аренада өз дараметин көрсөтүп, спорттогу жетишкендиктерин дагы бир жолу далилдешти.

Японияда өткөн Asia Triathlon Para Championships & Para Cup мелдешинде кыргызстандык параатлеттер мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү. Гулназ Жузбаева алтын, Дастан Камчибеков күмүш, Жалалдин Абдувалиев коло медаль утушту. Ал эми Сезим Мейманбаева триатлон боюнча алгачкы катышуусунда эле күмүш медаль алды.

🎉 Кыргызстандын параатлеттери Японияда өткөн Asia Triathlon Para Championships & Para Cup мелдешинде мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.

🥇 PTVI категориясында Гулназ Жузбаева алтын медаль тагынды.

🥈 Дастан Камчибеков PTVI категориясында күмүш медаль ээси болду.

🥉 Жалалдин Абдувалиев PTVI категориясында коло медаль алды.

🥈 PTWC категориясында Сезим Мейманбаева күмүш медаль жеңип алды. Бул анын триатлон боюнча алгачкы мелдеши болуп, дароо эле байгелүү орунга жетишти.

🏆 Кыргызстандын параатлеттери эл аралык аренада өз дараметин көрсөтүп, спорттогу жетишкендиктерин дагы бир жолу далилдешти.