Бишкекте №62 мектеп-гимназиясынын заманбап спорт стадиону ачылды. Мэр Айбек Джунушалиев жаңы аянтчанын ачылышы менен куттуктады. 1,45 га аянттагы стадион жергиликтүү бюджеттен каржыланып, заманбап спорттук жабдуулар менен камсыздалган.
🏟️ Бишкекте №62 мектеп-гимназиясында заманбап спорт стадиону салтанат менен ачылды. Мэр Айбек Жунушалиев мектептин жамаатын жана окуучуларды жаңы аянтчанын ачылышы менен куттуктады. Ал акыркы эки жылда Бишкекте 26 мектеп, кошумча корпустар жана бала бакчалар курулганын белгилеп, спорттук инфраструктураны өнүктүрүү иштери улантылаарын айтты.
⚽ Жаңы стадион жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп, 1,45 гектар аянтты ээлейт. Долбоорду мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы ишке ашырып, подрядчы катары «Омар Групп» ЖЧКсы иштеди.
🏀 Территорияда эки мини-футбол аянты, баскетбол жана волейбол зоналары, воркаут аянты, балдар зонасы, ошондой эле 6200 чарчы метр газону бар аймактар уюштурулган.
💡 Автоматтык сугаруу, жарыктандыруу жана видеокөзөмөл системалары орнотулуп, коопсуз резина каптоо каралган.
🎉 Бул жаңы спорттук объект шаар тургундарына ден соолугун чыңдоого жана спорт менен машыгууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.