Бакыт Торобаев бетондук полотно өндүрүшү боюнча завод куруу үчүн капсула салды. Бул долбоор өлкөнүн ирригациялык инфраструктурасын модернизациялоого жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган. Завод 20 млн евро инвестиция менен курулуп, 50 жаңы жумуш орундарын түзөт. 🌊 Кыргызстанда сугат инфраструктурасын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү максатында бетондук полотно өндүрүүчү заводдун курулушунун башталышы белгиленди. 🏗 Заводдун курулушу 20 млн евро инвестициялык долбоорунун алкагында ишке ашырылып, эл аралык United Concrete Canvas компаниясы менен кызматташтыкта жүргүзүлүүдө. 💧 Кыргызстанда 30 миң километрден ашуун канал бар, алардын көпчүлүгү жабууга муктаж. Жаңы завод бул көйгөйдү чечүүгө жардам берет, сууну жоготууну азайтат жана жаңы сугат жерлерин пайдаланууга берет. 📈 Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 7 млн м² түзөт, ал эми экинчи линия 5 жыл ичинде ишке киргизилет. Продукциянын 60% Кыргызстан үчүн, 40% экспортко кетет. 👷♂️ Заводдун ишке кириши менен