КР Билим берүү министрлиги "Окуу китеби" басма үйү менен биргеликте мектеп окуу китептерин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт. Конкурс мугалимдерге, методисттерге жана авторлорго арналган. Документтер онлайн кабыл алынат.
📚 Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги “Окуу китеби” басмаканасы менен биргеликте жаңы конкурс жарыялады.
👩🏫 Конкурстун максаты – мектептик окуу китептерин жаңыртуу жана 12 жылдык билим берүү системасына өтүү. Конкурска кыргыз тили, тарых жана география сыяктуу сабактар боюнча авторлор жана иштеп чыгуучулар тартылат.
📄 Конкурска катышуу үчүн талапкерлерден паспорттун скан көчүрмөсү, резюме, дипломдордун жана сертификаттардын көчүрмөлөрү, мурунку иш тажрыйбаларын тастыктаган материалдар талап кылынат. Ошондой эле, катышуучулар өз долбоорлорун жана сунуштарын 5 мүнөттүк видео аркылуу көрсөтүшү керек.
🗓 Конкурс эки этапта өткөрүлөт: 10-октябрдан 30-ноябрга чейин онлайн түрүндө жана андан кийин бетме-бет жолугушуулар. Заявкалар Google Формасы аркылуу кабыл алынат.
🎯 Конкурстун негизги максаты – заманбап улуттук окуу китептерин түзүү жана билим берүү процессин жакшыртуу.