Кыргызстанда кыргыз жана орус тилдеринде билим берүүчү мектептер үчүн 1-класстарга арналган «Табигый илимдер - Мен жана дүйнө» аттуу жаңы китептер чыгарылды. 295 880 нускада басылган бул окуу-методикалык комплекстин каржылоосу республикалык бюджеттен жүргүзүлдү. 📚 Кыргызстанда мектептердин 1-класстары үчүн “Табигый илимдер – Мен жана дүйнө” аттуу жаңы китептер жарык көрдү. 📘 Кыргыз жана орус тилдеринде окутулган мектептер үчүн даярдалган бул окуу-методикалык комплекс “Окуу китеби” басмаканасында даярдалып, “Учкун” басма үйүндө 295 880 нускада басылып чыкты. 💰 Окуу китептеринин басылышы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. 🚚 Азыркы учурда басылып чыккан комплекттер аймактык билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилип, андан соң мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге таратылат. 📖 Быйылкы жылы Кыргызстандагы мектептер 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн “Табигый илимдер – Мен жана дүйнө” окуу-методикалык комплекстери менен камсыздалат. Жалпы тираж 1 236 830 нусканы түзөт.
Кыргызстанда 1-класстар үчүн «Табигый илимдер – Мен жана дүйнө» жаңы окуу китеби жарык көрдү
9 октября9 окт
~1 мин