Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бишкекте эки адамды өлтүрүүгө шектелген кармалды – толук маалымат

Бишкекте кош киши өлтүрүүгө шектелип жаткан жаран кармалды. ИИМдин маалыматы боюнча, кылмышка шектүү адам милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. 2025-жылдын 3-октябрында Ак-Ордо ж/мде эки адам бычактан каза тапкан. Тергөө иштери жүрүп жатат. 🔪 Бишкекте эки адамдын өмүрүн алган кылмышка шектүү кармалды. 🕵️ 2025-жылдын 3-октябрында Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы үйгө белгисиз адам кирип, үй ээсине бычак менен кол салган. Натыйжада, 1991-жылы туулган И.у.Э. жана анын эжеси, 1987-жылы туулган Б.А. каза болушкан. 📷 Окуя болгон жерден далил буюмдар алынган жана жанында турган автоунаанын багажынан ири суммадагы акча табылган. Бул факты боюнча Бишкек шаардык ИИБнин Тергөө кызматы кылмыш ишин козгоду. 🔍 Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгына ылайык, эркекке 18, ал эми аялга 11 жолу бычак сайылган. Күбө катары суралган маркумдун жубайынын көрсөтмөсү боюнча шектүүнүн сүрөттөлүшү түзүлүп, издөө иштери башталган. 🎥 Окуянын айланасындагы видеокамералардын жазуулары кылдаттык

Бишкекте кош киши өлтүрүүгө шектелип жаткан жаран кармалды. ИИМдин маалыматы боюнча, кылмышка шектүү адам милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. 2025-жылдын 3-октябрында Ак-Ордо ж/мде эки адам бычактан каза тапкан. Тергөө иштери жүрүп жатат.

🔪 Бишкекте эки адамдын өмүрүн алган кылмышка шектүү кармалды.

🕵️ 2025-жылдын 3-октябрында Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы үйгө белгисиз адам кирип, үй ээсине бычак менен кол салган. Натыйжада, 1991-жылы туулган И.у.Э. жана анын эжеси, 1987-жылы туулган Б.А. каза болушкан.

📷 Окуя болгон жерден далил буюмдар алынган жана жанында турган автоунаанын багажынан ири суммадагы акча табылган. Бул факты боюнча Бишкек шаардык ИИБнин Тергөө кызматы кылмыш ишин козгоду.

🔍 Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгына ылайык, эркекке 18, ал эми аялга 11 жолу бычак сайылган. Күбө катары суралган маркумдун жубайынын көрсөтмөсү боюнча шектүүнүн сүрөттөлүшү түзүлүп, издөө иштери башталган.

🎥 Окуянын айланасындагы видеокамералардын жазуулары кылдаттык менен текшерилип, шектүүнүн толук маалыматтары чогултулган. Ал 2006-жылы туулган И.С. экени аныкталды.

🚔 Шектүү И.С. “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында орнотулган жүздү таануу системасы аркылуу кармалып, Тергөө кызматына жеткирилди. Бишкектен Ысык-Көл облусуна чейин шектүүнүн кыймылы видеокөзөмөл аркылуу текшерилди.

🙏 Кылмыштын жагдайларын толук аныктоо боюнча иштер улантылып жатат. Ички иштер министрлиги бул кылмышты ачууда жардам көрсөткөн бардык жарандарга ыраазычылык билдирет.