Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кыргызстандын айылдык аймактарын өнүктүрүүгө 27 миллион доллар бөлүнөт.

Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө туруктуу инфраструктураны жакшыртуу жана аялдар менен жаштар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында 27 миллион долларлык улуттук долбоор башталды. 🌍 Кыргызстанда «Жамааттар демилгеси боюнча улуттук долбоор» расмий түрдө башталды. Бул долбоорду Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы каржылайт. 💰 Долбоордун жалпы бюджети 27 миллион долларды түзөт. Анын максаты – айыл жергелерин өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу инфраструктураны жакшыртуу жана аялдар менен жаштар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү. 📍 Ош облусунда долбоордун расмий башталышы болуп өттү. Иш-чарага облустук жетекчилер, район акимдери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. 📋 Долбоорду координациялоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт, ал эми ишке ашыруу АРИС тарабынан башкарылат. Долбоор жамааттардын демилгелери негизиндеги өнүгүү ыкмасы (CDD) боюнча и

Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө туруктуу инфраструктураны жакшыртуу жана аялдар менен жаштар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында 27 миллион долларлык улуттук долбоор башталды.

🌍 Кыргызстанда «Жамааттар демилгеси боюнча улуттук долбоор» расмий түрдө башталды. Бул долбоорду Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы каржылайт.

💰 Долбоордун жалпы бюджети 27 миллион долларды түзөт. Анын максаты – айыл жергелерин өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу инфраструктураны жакшыртуу жана аялдар менен жаштар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.

📍 Ош облусунда долбоордун расмий башталышы болуп өттү. Иш-чарага облустук жетекчилер, район акимдери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

📋 Долбоорду координациялоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт, ал эми ишке ашыруу АРИС тарабынан башкарылат. Долбоор жамааттардын демилгелери негизиндеги өнүгүү ыкмасы (CDD) боюнча ишке ашырылат.

🤝 Иш-чаранын жүрүшүндө АРИС менен Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана райондук администрациялар ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.