Кыргызфильм киностудиясы Жусуп Абдырахмановдун өмүрүнө арналган "Жусуп" аттуу тарыхый-драмалык тасмасын тарта баштады. Фильм улуттук тарыхтын маанилүү барактарын эске салуу жана патриотизмди жаш муунга сиңирүү максатында даярдалууда. Тасманын режиссёру Таалайбек Кулмендеев. Премьерасы 2026-жылдын 25-августуна белгиленген. 🎬 “Кыргызфильм” киностудиясы Т. Океев атындагы “Жусуп” аттуу тарыхый-драмалык толук метраждуу тасманын өндүрүшүн баштады. Бул кино улуу инсан Жусуп Абдырахмановдун жашоосу жана мурасы жөнүндө. 📜 Абдырахмановдун татаал тагдыры жана улуттук мамлекеттик түзүлүштүн негизин салуудагы чечүүчү ролу тасмада кеңири чагылдырылат. Долбоордун максаты — улуттук тарыхтын маанилүү барактарын эске салуу жана жаш муунга патриотизм духун сиңирүү. 🎥 Тасманын режиссёру — Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери, Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев. Учурда даярдык иштери жүрүп, ролдорго кастингдер өткөрүлүүдө жана тартуу локациялары аныкталууда. 🌍