Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Президенттин «Улут деми — Уңгу жол» китебинин бет ачары болду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун "Улут деми — Уңгу жол" китебинин бет ачары Улуттук илимдер академиясында өттү. Китеп мамлекеттик башкаруу, улуттук баалуулуктар жана коомдун биримдиги тууралуу ой жүгүртүүлөрдү камтыйт. 📚 Президент Садыр Жапаровдун “Улут деми — Уңгу жол” китеби 7-октябрда Улуттук илимдер академиясында тааныштырылды. 👥 Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, студенттер жана ЖМК өкүлдөрү катышты. 🗣️ Салтанатты президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев ачып, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов китептин идеясы, максаттары жана мазмуну жөнүндө айтып берди. 📖 Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов китептин коом үчүн маанилүү руханий мурас экенин белгиледи. 💬 Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Абдылда Мусаев жана Амангелди Муралиев, Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти Талгартбек кызы Диана жана башкалар китеп тууралуу өз

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун "Улут деми — Уңгу жол" китебинин бет ачары Улуттук илимдер академиясында өттү. Китеп мамлекеттик башкаруу, улуттук баалуулуктар жана коомдун биримдиги тууралуу ой жүгүртүүлөрдү камтыйт.

📚 Президент Садыр Жапаровдун “Улут деми — Уңгу жол” китеби 7-октябрда Улуттук илимдер академиясында тааныштырылды.

👥 Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, студенттер жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

🗣️ Салтанатты президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев ачып, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов китептин идеясы, максаттары жана мазмуну жөнүндө айтып берди.

📖 Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов китептин коом үчүн маанилүү руханий мурас экенин белгиледи.

💬 Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Абдылда Мусаев жана Амангелди Муралиев, Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти Талгартбек кызы Диана жана башкалар китеп тууралуу өз ойлорун бөлүшүштү.

📚 “Улут деми — Уңгу жол” китеби президент Садыр Жапаровдун мамлекеттүүлүк, улуттук баалуулуктар, коомдук биримдик жана өлкөнүн өнүгүү багыттары тууралуу маектерин, кайрылууларын жана ой жүгүртүүлөрүн камтыйт.

📜 Китеп мамлекеттик кызматкерлерге, коомдук ишмерлерге, окумуштууларга, жаштарга жана кеңири окурмандарга арналган.

✍️ Китептин демилгечилери: эл жазуучусу Арслан Койчиев, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов жана президенттик администрациянын кызматкери Нурбек Асаналы уулу.

📚 Китепти “Кыргыз Туусу” басмаканасы даярдап, “Имак-офсет” типографиясында басылып чыгарылды.