Бишкек, 07.10.25 /Кабар/. Женишев Тилек Женишевич Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директорунун орун басары болуп дайындалды. Ал И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен «Маалыматтык системалар жана технологиялар» багыты боюнча жогорку билим алган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын аяктаган. Эмгек жолун президенттин иш башкармалыгында стажёр болуп баштап, андан соң алдыңкы адис болуп иштеген, кийинчерээк информатизация жана телекоммуникация бөлүмүнүн референти кызматына чейин көтөрүлгөн. Бул кызматтарда санариптештирүү жана заманбап технологияларды ишке киргизүү маселелери менен алектенген. Кесипкөйлүгү жана тырышчаактыгы үчүн президенттин иш башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 🎉 Женишев Тилек
ТС жана ВС каттоо боюнча Мамлекеттик борборунун жаңы директорунун орун басары дайындалды
7 октября 20257 окт 2025
1
1 мин