Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын 7-октябрында Азербайжандын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты. Жыйындын негизги темасы "Регионалдык тынчтык жана коопсуздук" болду. Кулубаев кыргыз төрагалыгынын жыйынтыктарын чыгарып, негизги жетишкендиктерди белгиледи жана Кыргызстандын уюмдагы кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулушун баса белгиледи. Жыйындын жыйынтыгында Габала декларациясы сыяктуу бир катар документтер бекитилди. 🇰🇬 Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын 7-октябрында Азербайжандын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. 🤝 Жыйындын негизги темасы “Регионалдык тынчтык жана коопсуздук” болуп, анда мүчө мамлекеттердин, байкоочу өлкөлөрдүн жана түрк кызматташтык уюмдарынын тышкы иштер министрлери түрк аймагында туруктуулукту, тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча актуалдуу масел