Кыргызстанда айрым түрдөгү көмүр продукциясын автоунаа менен экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Бул чара көмүрдүн тартыштыгын алдын алуу жана баанын негизсиз өсүшүн болтурбоо максатында киргизилген. 🚛 Кыргызстанда айрым түрдөгү көмүр продукцияларын автоунаа транспорту аркылуу экспорттоого убактылуу тыюу салынды. 🛑 Бул чаралар ички рынокто көмүрдүн тартыштыгын алдын алуу жана 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилинде баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында киргизилди. 🚂 Көмүрдү темир жол транспорту аркылуу экспорттоого жана майда фракциядагы көмүрдү сатууга чектөөлөр киргизилген эмес, бул багыттардагы иштер кадимки режимде улантылууда. 🔄 Ири фракциядагы көмүрдү автоунаа транспорту менен экспорттоо ички суроо-талап азайып, абал турукташканда кайра жандандырылат.
Кыргызстанда убактылуу айрым көмүр түрлөрүн автоунаа менен экспорттоого тыюу салынды.
15 октября 202515 окт 2025
~1 мин