Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Москвада «Ак кеме» жана «Күн кармаган бала» спектаклдери көрсөтүлдү

Иссык-Көл театры Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" спектаклин Москвада көрсөтүп, кыргыз-орус маданий кызматташтыгынын бекемдигин белгиледи. 🎭 Кыргызстандын эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча коюлган “Ак кеме” спектакли 11-октябрда Москвадагы Мамлекеттик академиялык Кичи театрда көрсөтүлдү. 🇰🇬 Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Боконтаев кыргыз-орус маданий кызматташтыгынын өнүгүшүн белгилеп, Кыргызстандын алдыңкы театрларынын бири болгон Иссык-Көл музыкалык-драма театрынын спектакли эки элдин чыгармачыл байланышынын бекемдигин көрсөтөрүн айтты. 👏 Элчи спектаклдин ийгиликтүү коюлушу менен труппаны куттуктап, Айтматовдун чыгармасынын оригиналдуу интерпретациясын, актёрлордун профессионалдуулугун жана талантын жогору баалады. 🌟 Иш-чарага белгилүү орусиялык маданият жана искусство ишмерлери, ошондой эле Москвада жашаган мекендештер катышты. 🎭 12-октябрда ошол эле сахнада Иссык-Көл театры “Күн кармаган бала” драмасын көрсөттү, ал 2023-2024-жылдардагы эл аралык театр ф

Иссык-Көл театры Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" спектаклин Москвада көрсөтүп, кыргыз-орус маданий кызматташтыгынын бекемдигин белгиледи.

🎭 Кыргызстандын эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча коюлган “Ак кеме” спектакли 11-октябрда Москвадагы Мамлекеттик академиялык Кичи театрда көрсөтүлдү.

🇰🇬 Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Боконтаев кыргыз-орус маданий кызматташтыгынын өнүгүшүн белгилеп, Кыргызстандын алдыңкы театрларынын бири болгон Иссык-Көл музыкалык-драма театрынын спектакли эки элдин чыгармачыл байланышынын бекемдигин көрсөтөрүн айтты.

👏 Элчи спектаклдин ийгиликтүү коюлушу менен труппаны куттуктап, Айтматовдун чыгармасынын оригиналдуу интерпретациясын, актёрлордун профессионалдуулугун жана талантын жогору баалады.

🌟 Иш-чарага белгилүү орусиялык маданият жана искусство ишмерлери, ошондой эле Москвада жашаган мекендештер катышты.

🎭 12-октябрда ошол эле сахнада Иссык-Көл театры “Күн кармаган бала” драмасын көрсөттү, ал 2023-2024-жылдардагы эл аралык театр фестивалдарында үч Гран-приге ээ болгон.