Чүй облусунун ИИБи 2007-жылы туулган Жаннат Рахманбердиеваны издөөгө жардам сурайт. Ал Кара-Балта шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Билгендерден маалымат берүү суралат. 🔍 Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы Жаннат Эргешбаевна Рахманбердиеванын дайынсыз жоголушун иликтеп, коомчулуктан жардам сурайт. 📅 Жаннат 2007-жылдын 29-ноябрында төрөлгөн, ал 2025-жылдын 10-октябрында Кара-Балта шаарындагы Оторбай көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 📏 Жаннаттын бою 170-172 см, арык дене түзүлүшкө ээ, кара чачтуу, жарык жүздүү. Ал кара көйнөк, кара шым кийип, кара жоолук салынып, бутуна боз түстөгү «Air Jordan» фирмасынын спорттук бут кийимин кийип жүргөн. 📞 Жаннаттын кайда экендиги тууралуу маалыматы бар адамдардан Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө же көрсөтүлгөн телефон номерлерине кайрылууну өтүнүшөт: 03138 3-51-84, 0312 22-15-58, 0701 20-31-02.